Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

СӨГӨТТӨГҮ ЖЕР КӨЧКҮ, ОППОЗИЦИЯ ИКАЯСЫ, ЖЕТЕКЧИСИ ЖОК ПАРТИЯ


Бекташ Шамшиев, Бишкек шаары Өзгөндөгү жер көчкү, оппозиция-бийлик мамилеси, башчысы жок партия, чет элдиктердин колундагы республиканын табигый байлыгынын кайрымжысы тийбей жатканы жана башка ар кыл коомдук-саясий жаңылыктар Алатоодогу басма сөздүн соңку сандарында чагылдырылды.

Базар күнкү Өзгөн районунун Каратарык кыштагындагы жер көчкү 13 үйдү, андагы 38 адамды басып калганын, набыт болгондордун 18и жаш балдар экенин шейшембидеги “Комсомольская правда” гезити жазып чыкты.

Жер көчкү, кар көчкү, сел коркунучу республиканы жүдөтүп атканы, «Сөгөттөгү” 38 адамдын башын жуткан көчкүнүн чоо-жайы, Барскоон-Акшыйрак, Бишкек-Торугарт канжолун бөгөгөн кар көчкү шейшембидеги «Моя столица» гезитинде да баяндалган.

Кыргызстанда канча саясий курдымак болсо, ошончо партия бардыгы Өмүрбек Текебаев менен Рина Приживойттун аңгемесинде козголгон. Текебаевдин айтымында, жаңы партия азырынча аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалабаган таасирдүү кишилерди парламентке алып өтүү амалында түзүлгөн.

Каратарык кыштагындагы Сөгөт айылындагы кыйракандан набыт болгондордун жакындарына президент, премьер-министр, парламент спикери Абдыганы Эркебаевдин көңүл айтуусу шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинде жарыяланды. Ушул эле гезитте жакырчылыкты жоюу амалында социалдык мобилизациялоо Улуттук координациялык кеңешин түзүү тууралуу президент Акаевдин жарлыгы жарыяланган. “2003-жылы жок дегенде 50 миң жарды үйбүлөнүн бакубаттыгын жогорулатуу боюнча мурда белгиленген чараларга кошумча реалдуу жардам көрсөтүү камсыз кылынсын”, - деп айтылат президенттин жарлыгында.


“Кыргыз туусу” гезити шейшембидеги санында жаңы демилге көтөрүп чыкты. Мындан ары ар бир айыл, шаар, кыштакта “гезит тактасы” уюштурулат. Мыкты “гезит тактасын” ачып, жашаган жеринде алардын санын арбыткандарга гезит бекер берилип, саамалыгы жалпыга жарыя кылынат. Ушул эле басылмада Орусияда иштеп жүргөн улутташтарыбыздын укугун коргоо амалында түзүлгөн Чита шаарындагы кыргыздардын “Көмөктөшүү» коому тууралуу маалымдама жарыяланган. Орусияда жүргөн 500 миңге жакын кыргыздардын кыйласы Красноярск, Новосибирск, Иркутск, Якутияда иштешет. Гезиттин маалыматына караганда, Читадагы кыргыздар арасында башка улут өкүлдөрү менен баш кошкондор арбып баратат.

“Кумтөр” алтын кени кыргыз өкмөтүнө баш ийбейт. Кенди канадалыктарга берүү алдында кыргыз бийлиги андан 600 миллион доллар пайда аларын болжогон. Кен иштегенден берки 6 жыл аралыгында республика бюжетине болгону $ 62 миллиондон бираз ашкан акча түштү. Алтын кендин айланасындагы талаш-тартыштар шейшембидеги «Республика» гезитиндеги Жаркын Жалбыракованын макаласында баяндалган.

Гезите белгилүү саясий ишмер Ишенбай Абдуразаковдун «Оппозициянын кыйласын бийлик өзүнө өнөктөш кылып алса болмок» деген маеги жарыяланган. Анын пикиринде, оппозицияны бийлик өзүнө душман көрбөшү керек. Кыргызстандагы саясат жеке адамдын аракет-кыймылына багыныңкы, ошондон кемчиликти айткан киши оппозицияга кошулуп, «эл душманы» болуп чыга келет. Адам абийири бийликте турганы же оппозицияга кошулуп кеткени менен аныкталбайт, дейт Ишенбай Абдуразаков.

Шейшембидеги «Аалам» гезитинде Нургазы Анаркуловдун президенттикке талапкерлер жөнүндөгү божомол пикири жарыяланды. Президент Акаевдин бир кездеги аспиранты, жооптуу деген кызматтардын дээрлик баарында иштеп келген Кубанычбек Жумалиев эл менен аралаша албады, кемчилиги «ажонун ишеними менен элдин ишеними эки бөлөк нерсе экенин… ажырата билбегендигинде», дейт автор.
Басылмада Баткен облус губернатору Мамат Айбалаевдин иш стили тууралуу Шерали Ормоновдун, «Кайыңды-Кант» заводун сызга отургузган «Перидот-Анштальттын» артында кимдер турганын баяндаган Калыс Чагайдын макаласына да орун берилген.


Кыргыз өкмөтү салыктардын санын көбөйтүүнү каалап калганда эле өнүккөн өлкөлөрдү мисалга тартканын, а бирок айлык акыны жогорулатуу жагына келгенде байгер мамлекеттердин тажрыйбасын айтпай кетишерин шейшембидеги «Агым» гезитинде Алым Токтомушев жазып чыкты. Кыргыздардан башка динге өтүп кеткендер тууралуу гезит бетинде Мамат Сабыров ой жүгүрткөн. Автордун маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 300 жакын христиандык жана башка багыттагы диний уюмдар расмий каттоодон өтүшкөн. Башка динге өткөн кыргыздардын болжолдуу саны 7000ден ашуун.
XS
SM
MD
LG