Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ: “ЖЕМКОРЛУК - БИЙЛИККЕ КАРАТА ЭЛДИН ИШЕНИЧИН ЖОГОТКОН КОРКУНУЧТУУ ИЛДЕТ”


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Мындан жарым ай мурда болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өлкө келечегине зор коркунуч туудуруп жаткан коррупция маселеси талкууланган эле. Анда айтылган сунуш-пикирлер коомчулуктун бир топ кызыгуусун жараткандыгы маалым. Бирок аны ооздуктоо мүмкүнчүлүгүнө коом жетише элек. Ушул маселенин тегерегинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев «Азаттыкка» маек куруп берди.

- Абдыганы мырза, жакында болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сиз коррупцияга байланыштуу өтө кескин мүнөздөгү пикириңизди айтып, демократиялык коомдо анын өзгөчө өнүгүшкө ээ болоорун сөз кылдыңыз. Алгач өлкө келечегине зор коркунуч туудурган бул маселеге карата жеке пикириңизди уккубуз келет.

- Адегенде, «коррупция» деген сөздү кыргызча так которгум келет. Тилекке каршы орусча эле колдонулуп келетат. «Коррупция» деген сөздү «жемкорлор» деп айта берсек болот. Казактардын басма сөзүнөн көп окуп жүрөм. Мен бала кезимден бери бул сөздү эл оозунан угуп келсем, саясатка аралашкандан бери маселенин тарыхын, төркүнүн, маңызын көп иликтеп, ушул тармакта чыккан маалыматтарды үзбөй окуйм. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында да айттым. Менин эң таңгалганым - жемкорлук айрыкча демократиялык өлкөлөрдө ачык-айкын мүнөздө болот экен. Жемкорлук - бийлик менен кошо жаралган кубулуш. Тоталитардык, диктатордук өлкөлөрдө ага баш-оту менен кирип кеткендер өтө көп. Демек, муну жоюуга мүмкүн эмес. Башка кеп - ошого чыдап, моюн сунуп калбай, аны менен күрөшүш керек. Ошонун өлчөмүн, чабытын азайтыш керек. Мен терең ишенем, айрыкча өтө өнүккөн укуктук мамлекеттер да чечкиндүү күрөшүп, жоё албай келет, бирок деңгээлин азайтса болот. Биз дагы жемкорлук менен келишип албастан, өчүп калбастан, сөзсүз түрдө күрөшүшүбүз керек.

- Абдыганы мырза, соңку жылдары коррупцияны ооздуктоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу ар түрлүү жыйындарда көп эле маселе козголуп келет. Бирок жыйынтыгында кылмыштуулук азайып кеткен жок. Сиздин пикириңиз боюнча, өлкөдө жемкорлукка каршы жетиштүү күрөш жүргүзүлүп жатабы?

- Бизде эч иш болгон жок деп айта албайм. Иш болду. Биринчи жолу президентибиз 1992-жылы декабрда указ чыгарган. Анда белек алуунун өлчөмү тартибине дейре жазылган. Бул дүйнөлүк практикадан алынган. Андан кийин 1995-жылы «Манастын» мааракесинин алдында столду ургулап, «коррупция жетинчи кабатка жетти, Манастын арбагы урсун» деп, жүрөгүнөн чыккан ачуу чындыкты айтканы баарыбыздын эсибизде. Ошонун уландысы катары Мыйзам чыгаруу жыйыны өтө керектүү болгон, бири-бирине байланыштуу эки мыйзам кабыл алды. Биринчиси - 1999-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам. Ага ылайык президент бир катар указдардын пакетин кабыл алды. Андан соң мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндө указ кабыл алды. Акыры келип биздин жыйын, 6-7 жылдан бери кабыл алынбай, улам түртүлүп, өтпөй калып келген «Коррупция менен күрөшүү боюнча» мыйзамды кабыл алып, март айында ага президент кол коюп, күчүнө кирди. Укуктук жактан жемкорлук менен күрөшүү боюнча 12 жыл ичинде президенттин, парламенттин деңгээлинде тиешелүү мыйзамдар жана указдар кабыл алынды.

- Ошентсе да жемкорлукка каршы конкреттүү күрөш жүргүзүлгөнү анча байкалбай келет. Анын төркүнү эмнеде деп ойлойсуз?

- Конкреттүү чара көрүш жагынан да бир топ иштер болду. 1995-жылы август айында, менин эсимде, чоң ишканалардын он чакты директорлоруна же «кызыл директорлорго» каршы парламентте маселе көтөрүлдү. Андан соң бир топ министрлерге кылмыш иши козголгон. Демек, жемкорлукка каршы укуктук жактан, укук коргоо органдары жактан, президент тарабынан чечкиндүү күрөш 1995-99-жылдары катуу болду. Козголгон иштери гезиттерге чыгып, элге дайын болгон. Тилекке каршы, ошол эле козголгон иштердин көбү аягына чыкпай калды. Бир топ белгилүү кишилер кайрадан чоң кызматтарга көтөрүлүп кетти. Албетте, бул эч кандай логикага сыйбайт. Чечкиндүү күрөш толук масштабда болгон жок. Бирок кантсе да иш башталган болчу.

- Жемкорлукка каршы күрөш соңку кездери солгундап кеткени тууралуу жогоруда өзүңүз да айттып өттүңүз. Эми анын башкы себептерине да токтоло кетсеңиз.

- Мунун үч себебин көрүп турам. Биринчиден, саясий өнөктүктөр. 2000-жылы парламенттик шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо болгон учурда адам өзүн ойлоп калат. Анда өтө кытыгылуу, курч иштер көз жаздымда калат. Экинчиден, 1999-2000-жылдары Баткен окуясы, сырттан келген коркунуч болду. Ал учурда «эл аман болсо экен, тынчыса экен» деп, көңүл ошол жакка бурулду. Үчүнчү себеп - Кыргызстандын ички саясий абалынын туруксуздугу, Аксы окуясына байланыштуу. Көңүлдүн баары кайра ошол жакка бурулуп, башка иштер көз жаздымда калды. Ушул үч жагдай бир топ таасирин тийгизди. Натыйжада, 2000-жылдан бери жемкорлукка каршы күрөштө чоң иштер байкалган жок. Өзүңөр көрдүңөр, башкы прокурордун сөзүндө, же Ички иштер министрлигинин отчетторунда айрым мисалдар айтылды. Соцфонддун орун басарын айтты. Алар чабактар. Акулалар, чоң балыктар кармалышкан жок. Ошондуктан бул күрөш натыйжалуу болгон жок. Саясат дагы кылдат, терең болгон жок. Айталык, Жалалабаддагы балдардын тамак-аш, азык-оокатын жасаш үчүн курулган «Гималай» аттуу комбинатка убагында чет өлкөдөн 30 миллион доллар кредит алынып, аны элдин эсебинен кайтардык. Ошол ишти уюштургандар, баштагандар ушул күнгө дейре эч кандай жазага тартылган жок. Андан кийин убагында Европалык Кеңештин комиссиясынан 18 миллионго дары-дармектерди алган болчубуз, аны өз кызыкчылыгына пайдаланган мамлекеттик жетекчилер конкреттүү жооп беришкен жок. Пакистандан биз 10 миллион долларды «фармациялык завод курабыз» деп алганбыз. Акча туура эмес жакка кеткен. Бул иш да аягына чыккан жок. Жегендер көз жаздым болуп кетти. Бул мамлекетке, элге жасалган коркунуч. Бийликке элдин ишеничин кетирген, мамлекеттин аброюн кетирген чоң, опурталдуу, коркунучтуу иш.

- Жемкорлукту канткенде ооздуктоого болот?

- Саясий эркке президент өзү чакырып атат, мен дагы ачык айтып, ошого чакырам. Ушуну түздөн-түз аткара турган мамлекеттик органдар менен кызматта иштеген адамдарда эрк, кайрат жок болуп атат. Элдин баары деп айтканга болбойт, бирок, мамлекеттик бийликте иштегендердин көпчүлүгү ошол ооруга дуушар болушкан. Ошондуктан элдин бийликке болгон ишеничи аз. Аткаруу бийлигин, мыйзам чыгаруу, сот бийлигин, укук коргоо органдарын, прокуратуранын өзүн көзөмөлдөй турган УКК да жемкорлукка аралашып кеткен. Таза, аралашпаган тармактын калбай калгандыгы - бул өтө чоң коркунуч. Мунун тышкы көрүнүштөрүнүн далилдерине мисал келтирейин. Мына, мамлекеттик кызматтагылар аз өлчөмдөгү айлык акы алышат. Айрым министрлердин, губернаторлордун, акимдердин, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн, соттордун үйлөрүн карап көргүлө. Андай сарайларды кайсы айлыгына курса болот? Минген машинелерин карап көргүлө.

- Сиз жогоруда аткаруу бийлик өкүлдөрүн жана укук коргоо кызматкерлеринин жемкорлукка аралашып кеткенин айттыңыз. Бирок, андан эл ишеним арткан депутаттар деле алыс эмес экени маалым. Ага карата сиздин пикириңиз.

- Мыйзам чыгаруу жыйынында, айталык, жемкорлуктун элементтери – биринчиден, шектүү жол менен депутат болуп келгендер. Депутат болуп туруп мыйзамга баш ийбей, губернатор, министр сыяктуу эле көмүскө экономикага, бизнеске аралашып, же ошого көмөк көрсөтүп, калканч болушат. Ошол багытта мага бир топ каттар келди, болгондо да конкреттүү депутаттар жөнүндө. Мен ал каттар менен өздөрүн тааныштырам. Ал боюнча конкреттүү кылмыш иштерин ачыш - бул укук коргоочулардын иши. Дагы бир элементи - мыйзам долбоорлорун кабыл алууда кээде жеке кызыкчылык үчүн, же бирөөлөрдүн, министрликтин кызыкчылыгы үчүн добуш берүү аракеттери. Дүйнөлүк практикада аларды лоббисттер деп коюшат. Айталык, Америкада 1946-жылы Конгресс мыйзам чыгарган, «Лобби мыйзамы» деп. Дагы бир белгиси - тигил же бул долбоор үчүн, финансылык документ үчүн мамлекеттик органдардын, өкмөттүн ишине кийлигишүү. Депутат катары айрымдар сотко чейин кийлигишет. Бул мыйзам чегинде болсо кеп жок, а жанагыдай экономикалык кызыкчылык үчүн болсо - бул дагы жемкорлуктун белгиси.

- Абдыганы мырза, өлкөдө укуктук коомдун жерпайы түптөлүп жаткан кезде жемкорлукка каршы күрөштүн мыйзамдык базасы алсыздык кылып жаткан жокпу?

- Мыйзамдуулуктун диктатурасы өлкөдө толук орной элек. Мунун себеби - мамлекеттик кызматта турган адамдар, пара алгандан тышкары, өздөрү көмүскө экономика, бизнеске аралашып кеткен. Буга Конституция да, мыйзам да тыюу салган. Коррупция менен күрөшүү жөнүндөгү эки мыйзамды карап, иргеп, жазалоо жагын күчөтүш керек. Мен бул жагынан президент менен макулмун. Экинчиси - элдин өзү колдон келишинче күрөшүшү керек. Башка эч кандай жол жок.

- Коопсуздук Кеңешинин соңку жыйынынан кийин коомчулукта «жемкорлукка белчесинен баткан бийлик адамдары бул маселени талкуулашы кандай натыйжа берээр экен» деген маанайдагы пикир өкүм сүрүп келет. Андай пикир менен сиз макулсузбу?

- Биринчиден, мен «бүт бийлик системасы» деген жокмун. «Бийлик системасында иштеген кызмат адамдарынын көпчүлүгү» деп айттым. Экинчиден, Коопсуздук Кеңешинде таза адамдар, албетте, бар. Тилекке каршы, ошол жерде отурган бир топ адамдар шектүү. Мен аны ар кайсы каналдардан угуп жүрөм. Мен ал жерде ачык эле айттым. Кебетесин көрүп дагы жиним келгенин мен жашыра албайм.

- Абдыганы Эркебаевич, мына 2005-жылы президенттик шайлоо болот. Мына ошол шайлоодо жемкорлукка аралашпаган таза инсан бийликке келээрине ишенесизби?

- Ушуга байланыштуу мен өтүндүм. «Урматтуу Аскар Акаевич, сиз бир канча жолу чет өлкөдө болгонуңузда айттыңыз, «2005-жылкы шайлоого катышпайм» деп. Ошонун айынанбы, эрте эле президент болом дегендер көбөйүп баратат. Мени өтө өкүндүргөнү, мыйзамсыз байлык топтоп алган кишилер саясий амбициясын эртелеп ойготуп, күрөшкө камынып атышат. Бул эң коркунучтуу нерсе мамлекет үчүн. Ошондой ишке жол бербеш үчүн, менин тилегим, сизди, өзүмдү, элди, мамлекетти, Кыргызстандын имиджин ойлоп, калган мезгилде биз сизге жардамыбызды берип, чогуу бололу. Кыргызстандын кадыр-баркын дагы оңдойлу. Ал үчүн чечкиндүү иш жүргүзөлү. Ал сиз үчүн да, баарыбыз үчүн да өтө керек» деген оюмду айттым.

- Соңку сурообуз. Коопсуздук Кеңешиндеги курч сын-пикириңизди мамлекет башчысы кандай кабыл алды? Ошол жыйындан бери президент менен жолугуп, бул маселени талкууга алдыңыздарбы?

- Ал киши мага дагы бир жолу жеке чоң ыраазычылыгын билдирди. «Жакшы сүйлөп бердиң, колдодуң» деп. Андан соң чет өлкөгө кетти. Мен күнүгө бул жерде турам. Буюрса дагы жолугуп, конкреттүү адамдар жөнүндө сүйлөшөбүз го.
XS
SM
MD
LG