Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

СЕКУЛЯРДУУ ИРАК ИСЛАМДЫК МАМЛЕКЕТКЕ АЙЛАНАБЫ?


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Саддам Хусейндин тушунда өлчөөсүз зобун-зордук көргөн ирактык шиийлер диний кайра жаралууну баштан өткөрүүдө. Ушул күндөрү жүз миңдеген шиийлер ондогон жылдар бою тыйуу салынып келген диний ырым-жырымын өткөрүп жатышат. Ошол эле убакта алардын арасында Америкага каршы маанай өсүп, исламдык күчтөрдүн бийликке келүү коркунучу күчөп жатканы байкалууда.

Согуштан кийин Иракты кайра калыбына келтирүү вазийпасы жүктөлгөн Жей Гардер ушул дүйшөмбүдө Багдадга келди. 65 жаштагы америкалык отставкадагы генерал Багдаддагы таланып-тонолгон ооруканаларда, электр, суу менен камсыздоочу жайларда болуп, убактылуу өкмөттүн курамы тууралуу жергиликтүү саясий партиялар менен кеңешүүдө. Үч жумага созулган катуу бомбалоонун кесепеттерин өз көзү менен көргөн Гарнер шейшембиде биринчи кезекте суу менен камсыздоого артыкчылык берээрин билдирди.

- Биз болгону "чалгынга" келдик. Саламаттык, электр, суу тармагынын абалын аныктагандан кийин, мындагы адамдарды суу менен камсыз кыла баштайбыз. Коалициялык (аскерлер) өз милдетин аткарып болушту. Эми биз алардын ишин улантып, айыл жерлерине да каралаша баштайбыз.

Арийне, Жей Гарнерге жана анын кишилерине Кошмо Штаттары боштондук алып келген Иракта улам күч алып жаткан анти-америкалык маанай менен эсептешүүгө туура келүүдө.


Ушул күндөрү Багдаддан 80 чакырымдай аралыкта жайгашкан Кербала шаарында жүз миңдеген шиий мусулмандары мындан 14 кылым мурда жашап өткөн Мухаммед пайгамбардын небереси Хусейндин арбагына багыштап, зыярат кылууга чогулушту.

Алардын он чактысы Кербаладагы чет элдик журналисттер турган мейманкананын алдында: "Американын да, Саддамдын да кереги жок!" - деп кыйкырышты. Саддамды кулаткан коалициялык аскерлерге ыраазыбыз дегендер да болду. Бирок 2 миллиондой зияратчы чогулган шаарда бул күндөрү америкалык аскерлерди көзгө чалдыктыруу кыйын.

Ал эми баш калаа Багдадда 400 чакты шиийлер америкалык аскерлердин штаб-квартирасын пикеттеп, "Жоголсун неоколониализм!" деп сүр көрсөтүштү. Аларды "Кербала зыяратын уюштурган таанымал диниятчы кармалыптыр" деген айың кеп дүрбөлөңгө салды. Дүйшөмбүдө ушул эле арыз-арманы менен 5 миң киши нааразылык акциясын өткөргөн эле.

Бүгүнгө чейин Саддам Хусейндин жакын кишилеринин ичинен сегизи колго түштү. Дүйшөмбүдө, мисалы, 1990-жылдардын башында 10 миңдеген шиий мусулмандарын кырган деп шектелген экс-премьер-министр Мухаммад Хамза аз-Зубайиди кармалды. Бирок Саддамдын өзү жана анын жакын урук-туугандары кайда жашырынып жүргөнү табышмак бойдон калууда.

Өткөн аптада америкалыктар ишенген күрттөрдүн арасында да эски ырксыздыктын кайра күч алганы байкалды. Ирак калкынын 60 пайызын түзгөн шиийлердин да өз ара ынтымагы жок. Вашингтонду ошондой эле айрым шиий лидерлеринин Иракта исламдык тартип орнотуу нийети катуу ойго салууда.

"Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде Вашинтондо жайгашкан Конгрессти изилдөө кызматынын адиси Кенет Катсман исламчыл шиийлер менен америкалыктар кандай деңгээлде алака түзөөрүн айта алган жок:

- Дин менен мамлекеттин такыр эле бөлөк болушун каалабаган, саясатташкан шиий исламчылардын зоболосу көтөрүлүп жаткандыгы байкалууда. Бирок Кошмо Штаттар алардын жолун бөгөөрүн же, тескерисинче, аларды колго алууга аракеттенээрин айтуу кыйын. Ирактын келечеги, менимче, ушуга жараша болот.

Ал эми АКШнын Мичиган штатында жайгашкан Американын Исламдык Борборунун башчысы имам Хасан Казвини мындай дейт:

- Демократияда адамдардын каалоосу эске алынат. Эгер (Ирактын) эли исламдык өкмөт болсун десе, бул мүдөөсү менен эсептешүүгө мажбурбуз. Эгер алар Исламдык партияны бийликке шайлашса, биз алардын чечимин сыйлашыбыз керек.

Айрым адистердин оюнча, эгер Иракта диндин таасири күчөп турган чакта демократиялык чаралар колдонулса, Саддам Хусейндин тушунда дин мамлекеттен ажырым болуп келген өлкөдө Ирандын үлгүсүндөгү теократия шайлоо жолу менен бийлике келиши да ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG