Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

22-АПРЕЛЬ - В.И.ЛЕНИНДИН ТУУЛГАН КҮНҮ ОРУСИЯДА РАСМИЙ ТҮРДӨ БЕЛГИЛЕНБЕЙТ


Төрөкул Дооров, Маскөө шаары. Бүгүнкү күн - 22-апрель - дүйнөлүк пролетариаттын улуу жол башчысы Владимир Лениндин туулган күнү. Ленин бир кездеги Советтер Бирдигине караштуу болгон өлкөлөрдүн тарыхында эбегейсиз чоң орунду ээлейт. Анткен менен тарых барактарынын ага карата мамилеси мезгил өткөн сайын өзгөрүүдө. Орус эли бүгүн Лениндин туулган күнүн кандай белгилешти?

Орусия жана Советтер Бирдиги бир жарым кылымдай жана андан узагыраак убакыт бою башын бириктирип келген боордош өлкөлөрдүн калкы үчүн Владимир Лениндин аты анчейин деле маалым эмес деп айтуу кыйын. Ленин бүгүн ар кимдин оюнда ар кандайча, көп учурда кайчылаш пикирлерди жаратат. Бир эле мисал, «Коомдук пикирди изилдөө» Кору таркаткан маалыматка ылайык, орусиялык калктын жарымынан көбү үчүн Лениндин ысымы бүгүн «кандайдыр бир жакшы жашоо, тынчтык, андан калса эртеңки күнгө карата ишеним, ошондой эле жаштык кез менен байланышкан сезимдерди» пайда кылат. Ал эми соңку айрым социологиялык изилдөөлөр анын образын терс кабыл алуучулар - өлкө калкынын 5 эле пайызын түзөт деп көрсөтүштү.

Ленин тууралуу бүгүнкү күнү шаардык мектептерде анча деле жеткиликтүү маалымат берилбейт. Анын үстүнө, маалымат каражаттарында да Ленин көбүнесе 20-кылымдын каардуу диктаторлорунун катарында айтылып жүргөндүгү маалым.

Ушундан уламбы, Маскөө шаарынын коомчулугу үчүн Ленин анча деле популярдуу көрүнбөгөндөй сезилет. Бирок, Орусиянын башка региондорундагы абал такыр башкача. Мисалы, Владивостокто бүгүн Совет мезгилинен мурасталып калган «пионерлердин» жана «октябряттардын» катарына мүчө кабыл алуу аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага келишкендердин ичинде пионердикти кабыл алууну каалагандардын басымдуу бөлүгү «пионерчилик» эмне экендигин билип эле калбастан, анын максаттарын да жакшы түшүнүшөт:

Пионердин үнү: Мыйзам чегинде, коммунисттик партияга колумдан келген жардамымды бергенге аракет кылам.

Экинчи пионердин үнү: А менин пионердик уюмга мүчөлүккө өткөнүмдүн себеби - Ленин, Сталин жана башка Советтер Бирдигинин баатырлары тууралуу билгим келет.

Ал эми Краснодарск облусунун кыштактарынын биринде оор социалдык абалдан тажап бүткөн тургундар үчүн бүгүн чоң майрам. Ардактуу эс алууда жүрүшкөн мурдагы Совет өлкөсүнүн эмгекчилери үстөл үстүнө орус «Водкасын» коюшуп, 100 граммдап сеп этишип, Советтер Бирдиги доору менен кошо өтүп кеткен жыргалдуу жашоону, токчулук менен бейкутчулукту эстешти. Ленин атанын эстелигине гүл коюп, эски совет ырларын ырдагандар да бир далай. Ал эми айрым мектептерде атайын Ленинди таануу сабактары өткөрүлдү.

Учурда Орусияда Лениндин 1800 айкели менен, 20 миңдей чакан бедизи, башкача айтканда, бюсту бар. Андан сырткары, беш миңден ашуун көчө мурдагысындай эле Лениндин атын алып жүрүшөт.

Бул көрүнүштүн баары - бүгүнкү Орусиянын Ленинге карата оош-кыйыш мамилесинин бир бөлүгү. Айрымдар үчүн Ленин тарых барактарында эле калышы туура болсо, дагы бирөөлөр Лениндин образын символдоштурууга, анын аркасында өздөрүнүн жеке саясий кызыкчылыктарын канааттандырууга аракет жасап келишет.

Жалпы сүрөт бүгүнкү орусиялык оор турмуш чындыгынын фонунда анча деле кунардуу көрүнбөйт. Бирок, көптөгөн белгилүү адистердин баамында, орус саясий чөйрөсүндө Геннадий Зюганов жетектеген Коммунисттик Партия өз таасирин кайра күчөтө баштагандай. Ушундан уламбы, Орусия Федерациясынын Коммунисттик Партиясынын алдыдагы парламенттик шайлоолордо жеңишти колго алуусу кыйын болбойт деген божомолдор байма-бай айтылып жатат.

Зюганов бүгүн Маскөөдө «Кызыл аянттагы» Лениндин күмбөзүнө гүл коюп жатып: «Улуу жол башчынын ролу мындан ары да өсө берет», - деп ишенимдүү билдирди. Анын оюнча, эл Лениндин кубаттуу Орусияны курууда жумшаган зор аракетин акырындык менен кайра түшүнүп жатат.

Анткен менен жаңы муун өкүлдөрүнүн арасында Ленин тууралуу терең кабары жоктор да четтен табылат:

Кыздын үнү: Билбейм… Ленин ким экенин.

Экинчи кыз: Ленин тууралуу негизинен билем, бирок азыр унутуп койдум.

XS
SM
MD
LG