Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Азербайжан президенти эки жолу эс-учун жоготуп жыгылды


21-апрелдеги окуяга карабай, Азербайжан президент Гейдар Алиев эртеси күнү кайрадан жумушка чыкты. Сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөн учурунда Алиев эки жолу эс-учун жоготуп жыгылган. Президенттик басма сөз кызматынын айтымында, Алиевдин кан басымы күтүүсүздөн ылдый түшүп кеткен, 1999-жылы болсо анын жүрөгүнө АКШда операция жасалган. 79 жаштагы президент бирок бүгүн Бакы шаарында Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Росс Уилсон менен жолукту. Кээ бир кабарлар боюнча, өлкөнүн премьер-министри Артур Расизаде түндө АКШга учуп чыкты. Азербайжан конституциясы боюнча, эгер президент менен бир нерсе болсо, бийлик премьерге өтөт.

XS
SM
MD
LG