Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Феликс Куловдун адвокаты эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылды


БИШКЕК. Абактагы Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова Адам укуктары боюнча эл аралык лиганын президенти Скотт Хортонго, Хельсинки комиссиясынын төрагалары Кристофер Смит менен Бен Кэмпбеллге жана «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Элизабет Андерсонго кайрылуу жолдоду. Анда бул уюмдардын кыргыз бийлигине кайрылып, Феликс Куловдун ишинин Жогорку Сотто адилеттүү каралышына көмөктөшүү өтүнүчү айтылган. Любовь Иванова өз кайрылуусунда Ф. Куловго каршы козголгон кылмыш иштери жана соттук өкүмдөр саясий максат көздөгөнүн, Кыргызстандын ички мыйзамдары эле эмес, өлкө адам укуктарына байланыштуу ратификациялаган эл аралык пактылар менен конвенциялар да бузулганын мисал келтирген. Л. Иванованын маалыматы боюнча, Феликс Куловдун иши 3-4 жуманын ичинде Жогорку Сотто, андан кийин Конституциялык Сотто каралат. Кыргызстан Элдик конгрессинин лидери Феликс Кулов Бишкек шаардык соту тарабынан өткөн жылы 10 жылга кесилип, 2003-жылдын 8-апрелинде Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо абагынан Сокулук районундагы түрмөгө которулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG