Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Жакырчылыкты жоюу боюнча жаңы жардык чыкты


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Жакырчылыкты азайтуу багытында социалдык мобилизациялоону мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жардыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жардыкка ылайык кедейликти жоюу боюнча комплекстүү ишке бардык мамлекеттик структураларды жана жарандык коомду тартуу өнөктүгү өткөрүлүп, быйыл 50 миң жарды үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртуу боюнча кошумча аракет көрүлөт. Бул иш-чараларды турмушка ашырыш үчүн курамы 22 адамдан турган Улуттук координациялык кеңеш түзүлдү. Андан тышкары, эки жума ичинде облустук акимчиликтер менен Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери координациялык комитеттерди, райондор - жумушчу комиссияларды, шаар башчылары менен айыл өкмөттөрү - жумушчу топторду түзүшөт. Улуттук координациялык кеңеш эки жуманын ичинде жасала турган иш-пландарды даярдап, анын аткарылышы боюнча 2004-жылдын февраль айында отчет бермек болду.

XS
SM
MD
LG