Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Казакстандын аймагы текшерилет


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмунун Биргелешкен көзөмөл тобунун Бишкектеги VIII сессиясында быйыл июнь-сентябрь айларында Казакстандын аймагын текшерүү жана өз ара маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча улуттук координатору, Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын биргелешкен делегациясынын мүчөсү Асанбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, келерки жылы Биргелешкен көзөмөл тобу Кыргызстандын аймагын текшерүүгө алышы мүмкүн. Чек араларда аскерий ишеним арттыруу жана куралдарды азайтуу келишимдерине Кытай менен чектеш КМШга мүчө мамлекеттер 1996-жылы Шанхайда жана 1997-жылы Москвада кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар чек араларга 100 чакырым жакын жерде ири аскердик күчтөрдү жайгаштырбаганга жана чек араларда болгон окуялар боюнча маалымат алмашууга макулдашкан. Келишимдердин аткарылышын текшериш үчүн Биргелешкен көзөмөл тобу түзүлгөн жана ал кезек менен ар бир мамлекеттин аймагында инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG