Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү аяктады


БИШКЕК. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу бүгүн кыргыз делегациясынын жетекчиси, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анын айтымында, өткөн жумада Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек араны аныктоодо кайсы документтерге таянып иштөө маселеси талкууланды. СССРдин убагында Кыргызстан менен Тажикстандын админстративдик чек арасы да бекитилбегени, ондон ашуун паритеттик комиссия иштеп, бирок алар биргелешкен документке кол койбогону комиссиянын ишин татаалдантууда. «Ошентсе да, өкмөт аралык комиссия конструктивдүү иштөөгө ниеттенет», - деди С. Аламанов. Комиссиянын кезектеги жыйыны Бишкекте июль айынын баш ченинде өткөрүлмөк болду.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинин узундугу 1000 чакырымга жакын. Аны делимитациялоо боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр былтыр декабрь айында Бишкекте өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG