Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Премьер-министр Нарында


БИШКЕК, НАРЫН. Ош облусунун Өзгөн районундагы кырсык болгон жерден кайтып келген өкмөт башчысы Николай Танаев бүгүн Нарын облусунун Кочкор районунда болду. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Нарын облусунун Атбашы районундагы Атбашы айлында 800дөн ашуун үйдү суу каптоо коркунучу күчөп келатат. Андан тышкары, Бишкек-Торугарт жолундагы Долон ашуусунун айланасында кар көчкү коркунучу сакталып, ал жерден эртең мененки саат 10дон кечки саат 6га чейин жол жабылууда. Иш сапарынын алкагында Николай Танаев Бишкек–Торугарт автожолунун 289- жана 291-чакырымдарында түшкөн кар көчкүлөрүнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Ал автожолдун 289-чакырымдагы кар көчкүсү дээрлик тазаланып бүттү. Ал эми 291-чакырымда түшкөнү жаткан чоң кар көчкүнүн алдын алуу иштери талкууланып, атайын иш-чаралар белгиленди. Ага ылайык Балыкчы шаарынан замбирек алынып барып, көчкү атылып түшүрүлмөй болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG