Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:27

Президент А. Акаев Өзгөн районундагы кырсыктан жапа чеккендерге көңүл айтып, окуя болгон жерге барып келди


БИШКЕК, ОШ. Президент Аскар Акаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Каратарык айылында жекшемби күнү болгон жер көчкүдөн каза болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлө, жакындарына көңүл айтты. Адам өмүрүн алып кеткен кырсык бүткүл Кыргызстандын элинин жүрөгүн канаткандыгын жана алар каза болгондордун тууган-туушкандары жана жакындары менен бирге аза кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын билдирди. Бүгүн эртең менен эрте А.Акаев кырсык болгон жерге барып, ал жердеги кырдаал менен таанышты. Президент 21-апрелде премьер-министр убада берип кеткен 200 миң сомдук ссуданы тез арада чечүүгө, коопсуз жерден үй салыш үчүн жер участокторун бөлдүрүп берүүгө өзү да көзөмөлдүк кылаарын белгиледи. Мамлекет башчысы жалпы эле Жалпакташ аймагындагы коркунуч астында турган үйлөрдү толук көчүрүш керектигин айтып, көчүрүү иштери бийлик тарабынан катуу тартип менен жүргүзүлүшүн талап кылды. Ошондой эле бул аймактын айласыз акыбалда калган жолун оңдотууну да Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигине, облус акимчилигине тапшырды. Бул күнү жан таслим болгондордун жаназасы окулуп, андан кийин алардын арбагына куран багышталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG