Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Ооганстан менен Пакистан экстремисттерге каршы чечкиндүү күрөшөт


Пакистандын президенти Первез Мушарраф жана Ооганстандын жетекчиси Хамид Карзай Исламабадда өткөн жолугушуусунда эки өлкөнүн чектеш аймактарында экстремисттердин ыктымал чабуулдарына каршы айыгышкан күрөш жүргүзөөрүн ырасташты. Ооганстандын президенти Карзай эки күндүк визит менен Пакистанга барган. Исламабадда ал саясий сыпайыгерчилик салтына жараша Ооганстанда өкмөттүк жана америкалык аскерлерге кол салып жаткан куралчан уюшмаларга пакистан өкмөтү колдоо көрсөтпөгөнүнө ишенип турганын билдирди. Мурдараак ооган бийлиги талибдер менен ал-каидачылардын согушкерлери Пакистан тараптан чабуул коюп жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG