Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Баткенде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата семинар болду


БАТКЕН. Баткен райондук борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан уюштурулган бул семинар-кеңешмеге облустук билим берүү жана маданият башкармалыгынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана китепканачылар катышып, китепканалардын бүгүнкү абалы талкууга алынды. Учурда облустун аймагында иштеп жаткан 73 китепкананын баары оор абалда турат. Көпчүлүгү бир канча жылдан бери оңдолуп-түзөлбөгөн начар имараттарда жайгашкан. «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан берилген бирин-экин китептерди эске албаганда, эгемендикке ээ болгондон бери китеп казыналары да жаңыланган эмес. Ал эми Баткен райондук китепканасы имараты жоктугунан ар кайсы жерде көчүп жүрөт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG