Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Эл аралык уюм кыргызстандык аялдардын ден-соолугуна кам көрөт


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду быйыл Кыргызстанга бөлгөн 900 миң доллар калктын саламаттыгын чыңдоого, анын ичинде аялдардын, эне-баланын ден-соолугун жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фонддун Борбордук Азия жана Казакстан боюнча регионалдык директору Несим Тумкая билдирди. Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда калктын саламаттыгы үчүн алдын-ала кам көрүүгө караганда, ооруп калгандан кийин дарылоого көп күч, каражат жумшалат. Ошондуктан фонд бөлгөн каражаттын көбү эл арасында саламаттык сактоо боюнча маалымдуулукту жогорулатууга сарпталат. Фонд азыр жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алууда аялдар менен бирге эркектердин да жоопкерчилигин арттырыш үчүн диний уюмдар менен биргелешип иштөөгө ниеттенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG