Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Москвада чогулмакчы


БИШКЕК. 25-апрелде Москвада КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны болот. Ага Кыргызстандан премьер-министр Николай Танаев баштаган делегация катышат. Тышкы иштер министрлигинен алынган бүгүнкү маалыматка караганда, жыйындын күн тартибинде КМШ мамлекеттеринин экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана келишимдик-укуктук базаны чыңдоого багытталган 28 маселе бар. Алардын арасында КМШ мамлекеттеринин 2003-2004-жылдарда эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү программасынын долбоорун, Улуу Атамекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгын белгилөөнү жана юбилейлик медаль чыгарууну талкуулоо маселелери бар. Андан тышкары өкмөт башчылары коргоо жана билим берүү тармактарында кызматташууга байланышкан маселелерди да карашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG