Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:34

Мыйзамдар Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырылууда


БИШКЕК. Кыргызстандын адам укуктарына байланыштуу мыйзамдарын Конституциянын жаңы редакциясынын жоболоруна ылайыкташтыруу иштери соңуна чыкты. Бүгүн бул тууралуу 18-февралда президент А. Акаевдин буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу топтун башчысы, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана жумушчу топтун мүчөлөрү билдиришти. Алардын айтымында, жумушчу топ 60ка жакын укуктук-нормативдик актыларды карап, 6 кодекске, 15 мыйзамга алымча-кошумча киргизүү боюнча 21 мыйзам долбоорун даярдады. Эми алар Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна жиберилмекчи. Негизги өзгөрүүлөр кат алышуунун, телефон менен сүйлөшүүнүн жашыруундугун камсыздоону, жеке адамга, анын үйүнө кол тийбестикти, саясий жана башка эркиндиктерди кепилдей турган беренелерге киргизилди.

XS
SM
MD
LG