Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинде жаңжал уланууда


БИШКЕК. «Биз Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин финансылык ишмердүүлүгүн эл аралык аудит текшеришин талап кылабыз», - деп билдирди бүгүн уюмдун Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Качкын Булатов. Анын айтымында, «комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаев тарабынан чет мамлекеттик донорлор берген акча максатсыз пайдаланылган» деген күмөнсүү бар. Бирок, комитеттин башчысы Рамазан Дырылдаев: «Комитет мүчөлөрү Качкын Булатов, Болотбек Тыналиев жана Рыскелди Момбеков натыйжалуу иштеп жаткан комитетти жоюуну көздөп, Кыргызстандын бийлиги менен чогуу аракеттенип атышат»,- деп мындай дооматты четке какты. Бүгүн Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы Р. Дырылдаевге каршы жүргүзүлүп жаткан мындай иштерге терең тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Качкын Булатов бийлик органдары менен эч кандай байланышта эместигин, тиешелүү органдарга комитеттеги финансылык тартип бузуулар боюнча кайрылбаганын айтып чыкты. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов бул маселеге байланыштуу министрликке эч кандай арыз түшпөгөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG