Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Президент Аскар Акаев Жалалабад облусунда болду


ЖАЛАЛАБАД. Мамлекет башчысы адегенде Токтогул районундагы Үччоро айыл өкмөтүнүн 1000 гектар аянтын сугарууга мүмкүндүк бере турган Сарыташ каналын пайдаланууга берүү салтанатына катышты. Андан соң президент экинчи Камбарата гидроэлектрстанциясынын келечекте курула турган плотинасын көрүп, ГЭС имаратынын пайдубалын түптөөгө бетон шагылын куйду. Мындан тышкары А. Акаев Нарын ГЭС ишканасынын гидрокуруучулары жана Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Акырында ал Майлысуу шаарындагы уран калдыктары жана тоо-кен урандылары көмүлгөн жайлардын абалы менен таанышты. Кечээ А. Акаев Сузак районундагы жер көчкү жүргөн жерлерди жана дарыя жээктерин бекемдөө иштерин көрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG