Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Оппозициялык уюм аза күтүү күнүн жарыялоону сунуш кылды


БИШКЕК. Бүгүн «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штабы жыйын өткөрдү. Анда Өзгөндөгү жер көчкүдөн курман болгондордун жакындарына көңүл айтылып, 38 кишинин өмүрүн алып кеткен бул трагедияга байланыштуу аза күтүү күнүн жарыялоо өкмөткө сунушталды. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, жыйында Үчүнчү элдик курултайдын экинчи бөлүгүн өткөрүү маселеси да талкууланып, чечим кабыл алынды. Ага ылайык, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы 11-майда Карасуу шайлоо округу менен бирге Каракулжа шайлоо округунда да Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатын шайлоонун экинчи турун өткөрүүнү белгилесе, анда ошол шайлоо күнү Мырзаке айылында курултайды өткөрүү белгиленди. Эгерде Каракулжа шайлоо округунда шайлоо өткөрүлбөсө, курултай мурда белгилендей эле июль айынын башында өткөрүлмөкчү. Кыймылдын жыйынында президент А. Акаевге «Ак шумкар» орденин берип, «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наамды ыйгаруу боюнча демилгелерге каршы ойлор айтылып, «Аксыдагы жарандардын атылышы элдин эсинде турганда мамлекет башчысын сыйлоо ыйманга жатпайт»- деп белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG