Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Өзгөндөгү кырсыктын кесепети жоюлат


БИШКЕК. Экология жана күтүүсүз кыдаалдар министрлигинен алынган бүгүнкү маалыматка караганда, Өзгөн районундагы Каратарык айылындагы жер көчкүнүн алдында калган жарандардын сөөгүн издөө токтотулат. Айыл аксакалдары кечээ президент А. Акаев менен жолугушуу учурунда ушундай талап коюшту. Каза болгондорго эртең куран окутулуп, ал жер жалпы көрүстөн деп аталмак болду. Ал эми кырсык алып келген чыгымдын көлөмү азырынча белгилүү боло элек. Аны аныкташ үчүн азыр мамлекеттик комиссия кырсык болгон жерде Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин адистери менен чогуу иштеп жатат. Жапа чеккендерге ЮНИСЕФ уюму БУУнун Ош шаарындагы координациялык бюросу менен бирге эртең жууркан-төшөк, идиш-аяк жана башка буюмдарды жеткирээрин билдирди. Президенттик администрациянын кызматкерлери жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которушту. Ал эми кечээ Нарын облусуна барган премьер-министр Николай Танаев ал жердеги табигый кырсык болушу мүмкүн болгон жерлерди көрүп, Бишкекке бүгүн кайтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анын жумуш сапарынын негизинде алдын-ала чара көрүүгө зарыл болгон каражаттын көлөмү такталат.

XS
SM
MD
LG