Кытайдын саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен 23-апрелде өлкөдө дагы тогуз адам кайтыш болду, алардын жетөө Бээжин шаарынын тургундары болчу. Кытайда бардыгы болуп бул жаңы оорудан 107 адам ажал тапты жана дагы 105 адам Гоңкоңдо өлдү. Оору менен байланыштуу Кытай жетекчилиги өлкө мектептерин 7-майга чейин жапты. Дүйнө боюнча өпкөнүн өзгөчө сезгениши 250 адамдын өмүрүн алды, ал азыр төрт миңге жакын кишиге жуккан.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага