Өткөн аптада Мамлекеттик думанын депутаты Сергей Юшенков атып өлтүрүлгөндүгү менен байланыштуу орус коопсуздук кызматы 23-апрелде Маскөөдө 20 жаштагы жигитти кармады. Юшенков - "Либеральная Россия" атуу партиянын тең-төрагасы болчу жана Кремилди сындап, Чечен согушуна каршы чыгып келген. Партиянын дагы бир тең-төрагасы Владимир Головлев былтыр атып өлтүрүлгөн.