Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Премьер өлтүрүлгөндөн кийин Сербияда киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады


22-апрелде Сербияда өзгөчө абал тартиби аяктады. Өлкөнүн премьер-министри Зоран Живкович 23-апрелде жасаган билдирүүгө караганда, кырк күндүн ичинде жүргүзүлгөн операция учурунда серб полициясы өлкөдө аракеттенген кылмыш топторунун белин сындырды. Жүздөгөн кылмышкер камакка алынды. Андан тышкары, Бириккен Улуттардын аскерий трибуналы издөө салган кылмышкерлер да изделүүдө, алардын ичинде - босниялык сербдердин аскерин жетектеген Ратко Младич да бар. Өлкөдөгү өзгөчө абал - 12 мартта Белград шаарында өкмөттүк үйдүн алдында премьер-министр Зоран Жинжич атып өлтүрүлгөндөн кийин киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG