Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

АКШ мамлекеттик катчысы Франция менен Палестина жетекчилерин сынга алды


АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 22-апрелде сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Вашингтон өзүнүн Франция менен болгон мамилелерин кайра карап чыгат деп билдирди. Пауэллдин айтымында, АКШнын Ирак боюнча резолюциясын Франция Бириккен Улуттарда өткөрбөй койгонунан жыйынтык чыгарууга тийиш. Андан тышкары, Пауэлл - Палестина автономиясынын төрагасы Яссир Арафатты да сынга алды. Батыштын басымы алдында Арафат жакында автономиянын премьер-министри кылып Махмуд Аббасты дайындаган, бирок Аббас тандаган кээ бир министрлерди Арафат бекитпей келген. Пауэллдин айтымында, төрага менен премьердин ортосундагы чатак жөнгө салынбаса, андан бүткүл палестин элине зыян тийет.

XS
SM
MD
LG