Бээжин шаарында 23-апрелде АКШ, Кытай жана Түндүк Корея өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды. Анын катышуучулары Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программаларын өткөн октябрдан бери кайрадан иштете баштаганынан чыккан маселелерди талкуулоодо. АКШ өкмөтүнүн айтымында, мамлекеттик катчынын орун басары Жеймс Келли түндүк кореялык тарапты бул программаларды токтотууга көндүрүүгө аракеттенет. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юнг Янг-квандын айтымында, сүйлөшүүлөр бир нече жылга созулушу мүмкүн.