Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

ОРУСИЯНЫН БОРБОР АЗИЯДАГЫ ТААСИРИ КАЙРАДАН КҮЧӨӨДӨ


Бакыт Аманбаев, Прага Соңку мезгилдери АКШ Ирактагы согуш менен алектенип жаткан чакта, Орусия кайрадан Борбордук Азия өлкөлөрүнө өз таасирин күчөтүүгө умтулууда.

Өзүңүздөргө маалым, 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто жана Вашингтондо болгон террордук чабуулдан соң, АКШнын Борбор Азия чөлкөмүнө таасири кескин күчөдү. АКШ башында болгон батыш өлкөлөрүнүн бириккен аскер күчтөрү аталган аймактарга эл аралык терроризм менен күрөшүү максатында жайгаштырылды. Натыйжада, АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик, экономикалык байланыштары күчөп, Орусиянын мурдагы таасири азайды.

Ал эми соңку учурда, АКШнын көңүлү Иракка бурулган мезгилден тартып, Орусия Борбордук Азиядагы мурдагы таасирин кайрадан калыбына келтирүүгө аракет жасай баштады. Бул тууралуу Лондондогу “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу Институтунун” Борбор Азия долбоорунун жетекчиси Сауле Мухамметрахимованын пикири төмөндөгүчө:

- Соңку айлары Орусия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жакындашуусу башталды. Бирок менин оюмча, анын башкы себеби Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен көп жылдык ар тараптуу карым-катнашынан улам болууда.

Ошондой эле ал буга мисал катары соңку мезгилдери Нурсултан Назарбаев менен Сапармурат Ниязовдун Орусияга болгон иш сапарын, Кыргызстандын өз аймагына Орусиянын аскердик базасын жайгаштыруусун жана башка мисалдарды келтирет.
Ушундай эле пикирди башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан, геосаясаттагы карама-каршылыктарды иликтеген уюмдун жана Евразия тобунун аналитиги Алекс Бриду колдойт:

- Учурда АКШ Ирактагы согуш жана ал жердеги кырдаалды жөнгө салуу менен алектенип жатканда, Орусия өз кызыкчылыгын ишке ашырууда артыкчылыктарга ээ болууда.

Ошондой эле анын айтымында, Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүн экономикалык жана саясий кызыкчылыктар байланыштырып турат. Маселен, иш жүзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн кара майы жана жаратылыш газы Орусиянын түтүктөрү аркылуу экспорттолот. Жакында болуп өткөн Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаевдин Омскдеги сүйлөшүүсү энергетика темасына арналды. Андан көп өтпөй Владимир Путин менен Сапармурат Ниязов да ушул эле темада сүйлөшүп, кара май жана жаратылыш газын иштетүү боюнча 25 жылга келишим түзүштү.

Мына ушул өңүттөн алып карага

XS
SM
MD
LG