Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА 21 МЫЙЗАМГА АЛЫМЧА-КОШУМЧАЛАР КИРЕТ


Кыргызстанда адам укуктарына байланышкан мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясынын жоболоруна ылайыкташтыруу иши аяктады. Президенттин буйругуна ылайык мындан эки ай мурда түзүлгөн жумушчу топ өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 21 мыйзам долбоорун даярдады.

Мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоо максатын көздөгөн жумушчу топ саясий, жарандык, социалдык-экономикалык жана эл аралык укуктар боюнча төрт багытта иш жүргүзүп, жалпысынан 60 мыйзамды талдоодон өткөрдү. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр негизинен саясий, диний ишеним эркиндиктерине, жеке турмушка, сөз, басма сөз, пикир айтуу, көчүп-конуу эркиндиктеринин кол тийбестигине байланыштуу киргизилди. Эл аралык нормаларга ички мыйзамдарды дал келтирүү маселесине да олуттуу көңүл бурулду. Бул тууралуу шаршембидеги маалымат жыйынында жумушчу топтун төрагасы, тышкы иштер министри Аскар Айтматов билдирди:

- Биз Кыргызстан кирген эл аралык келишимдерге мыйзамдарды дал келтирүү жагына да олуттуу маани бердик. Бул үчүн 60тан ашык мыйзам жана эл аралык 12 келишим талдоого алынды.

Өзгөртүлүп жаткан 21 мыйзамдын алтоо - кодекстер. Алардын бири Кылмыш-Жаза кодексине төрт берене кошумча сунушталды. Азыр сунушталып жаткан беренелер 1997-жылы кабыл алынган кодекске өз учурунда кирбей калган. Жумушчу топтун мүчөсү, юрист Эсенгул Бейшембиевдин пикири боюнча, бул жоболор Кыргызстандын жарандарынын укугун эле коргоо менен чектелбестен, өлкөнүн аймагында турган чет өлкөлүк аскердик күчтөрдүн жоопкерчилигин да жогорулатат.

- Бул төрт беренеде агрессивдүү кылмыштарга, баскынчылык согушка үндөгөндөрдүн, химиялык-бактериологиялык, уулуу курал-жарактарды пайдалангандардын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуп атат, - дейт Эсенгул Бейшембиев. - 376 беренеден турган Кылмыш-Жаза кодексине бул төрт беренени киргизбесек болбойт.

Ал эми Аскар Айтматовдун айтымында, жалпы кыргын салуучу куралдарга байланышкан жобону сунуштоодо азыркы эл аралык кырдаал эске алынды. Анткени, бир катар өлкөлөр жалпы кыргын салуучу куралдарды чыгарууну жандандырышы толук ыктымал.

- Кыргызстан геосаясий жактан кызыгуу туудурган аймакта жайгашып турат. Биз ядролук куралы бар мамлекеттердин курчоосунда турабыз. Ошондуктан, мен бул жобо өз маалында сунушталып жатат деп ойлойм, - дейт тышкы иштер министри.

Жумушчу топ, мындан тышкары, «Демонстрация, митинг, жүрүш жана пикеттер жөнүндөгү» мыйзамды да Конституцияга үндөштүрдү. Ага ылайык жарандардын демонстрацияларга, митингдерге, жүрүштөргө чыгышы үчүн бийликтин уруксаты талап кылынбайт. Жарандар акцияларга маалымдоо аркылуу чыгуу укугуна ээ болот. Ошондой эле «Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү» кодекстин өзгөртүлгөн долбоорунда жарандарды жумушка кабыл алуудагы катталууга байланышкан чектөөлөр алынып салынган. Жаңы Конституцияга ылайыкталган мыйзамдарда дин эркиндиги да толук камсыздалган. Бирок бул саясий максатты көздөгөн диний агымдардын ишмердүүлүгүнө жол ачпайт. Тескерисинче, Конституциянын жаңы үлгүсүндө аларга тыюу салуу тууралуу кошумча жоболор кирген.

- Саясий максатты көздөгөн диний уюмдардын ишмердүүлүгү Башмыйзамга каршы келээри жаңы Конституциянын эки-үч жобосунда айтылган, - дейт жумушчу топтун мүчөсү, депутат Алишер Сабиров.

Кыргызстанда мыйзамга каршы жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мындай уюмдардын катарына жумушчу топтун мүчөлөрү азыр каттоодо турбаган «Хизбут-Тахрир» партиясын кошушту.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, адам укуктарын камтыган мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө адистердин жана коомчулуктун кеңири чөйрөсү катышты. Адам укуктарына байланышкан мыйзамдар боюнча Акыйкатчы институтуна 47 барак сунуш түштү. Жумушчу топ сунуш кылган өзгөртүүлөр парламенттин жана президенттин жактыруусуна ээ болгондон кийин күчүнө кириши керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG