Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ ӨЗГӨН РАЙОНУНДА БОЛДУ


Кожогелди Култегин, Ош Бүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жер көчкү жүрүп, 38 адамдын өмүрү кыйылган Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнүн Сөгөт кыштагында болду.

Адегенде президент жер көчкүнүн кесепеттерин көрүп, жакындарынан айрылгандарга, жалпы эле жалпакташтык эл-журтка көңүл айтты. Андан кийин президент 21-апрель күнү премьер-министр Н. Танаев убада берген нерселердин баарын, тактап айтканда, 200 миң сомдук ссуда маселесин тез арада чечүүгө, коопсуз жерден үй үчүн жер участогун бөлдүрүп берүүгө өзү да көз салаарын белгиледи. Жалпы эле Жалпакташ аймагындагы коркунуч астында турган үйлөрдү толук көчүрүш керектигин, көчүрүү иштери бийлик тарабынан катуу тартип менен жүргүзүлүшүн талап кылуу менен, бул аймактын айласыз акыбалда калган жолун оңдотууга, электр жарыгына байланыштуу маселелерди чечүүгө убада кылды. Президент келгенден кийин маркумдардын жаназасы окулду. Андан соң алардын арбагына куран багышталды. Аза күнү жарыялана тургандыгы сөз болду. Сөгөт кыштакчасындагы 38 адамдын өмүрүн кыйган жер көчкү канткен менен жетиштүү сабак болууга тийиш. Набыт болгондордун кепинделип көмүлбөй калгандыгынын өзү эле канчалык оор нерсе! Аларга куран окутуп, жалпы эстелик тургузуу, аман калгандарын үй-жай менен камсыздоо менен эле иш бүтүп кетпейт. Мындай кыйракандан алдын-ала сактануу деген чоң маселе турат. Ошол Сөгөт кыштакчасын өз ичине камтыган Жалпакташ айыл өкмөтүнүн аймагында эле канчалаган кооптуу жерлер турат.

- Бардыгыбыз эле жакшы жерде эмеспиз. Бул жерде Актерек, Арал, Куруташ, Чукуралабыз турат. Мына ушул жерлердин акыбалы чатак. Бул жерде аяк-биягы 20 үй бар. Ошол жерлерде чоң коркунуч турат, - дейт Жалпакташ айылынын тургуну Тажыбаев Зулум.

Айыл кеңешинин депутаты Бакыт Мааткасымов буларды кошумчалады:

- Арал аттуу жерибиз бар. Ошол айылдын үстү жагынан жарака кеткен, анын узундугу бир канча километрге чейин созулат. Ал эми жарылган жердин эң чоңу бир метрге чейин ажырап калган жерлер да бар. Актерек деген айылда бир нече жылдан бери, МЧСтен келип текшерип, ал жерден элдин көчүүсүн суранышкан, бирок эл аларды тоготпой жүрөт. Көчпөгөнүнүн да себептери болушу мүмкүн. Кандайдыр-бир аларга жакпаган жерди көрсөтүп атабы? Өкмөт тарабынан камкордук болсо, элдин бардыгы эле көчсө керек деп ойлом. Түзбел участкасынан жер берилген, анча-мынчасы көчүп барып, кайра эле мурунку жерине кайтып кетишкен. Ал жерде эң негизгиси суу тартыш, өсүмдүк өстүрүшкө, башка нерселерге мүмкүнчүлүк жок окшойт деп ойлом.

Айтылган сөздөрдөн байкалгандай, айып элдин өзүндө да, жергиликтүү бийликтерде да жатат. Баарын кылган кыргыздын кенебестик мүнөзү сыяктуу. Андыктан экология жана чукул кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев элге буларды айтууга аргасыз болуп отурат:

- Силерден бир өтүнүч, урматтуу туугандар, кыргызчылык кылбастан биздин атайын байкоо жүргүзгөндөр адистердин айтканын кылсаңар. Жашай турган жериңер жок болсо, биз убактылуу кыргыз үй беребиз. «Кыямат кайым 100 жылда» дейт, «200 жыл жашадык» деп атабыз, мына, кечээги нерсенин акыбалын көрүп атасыздар. Силерден сураныч, биздин чечимди туура кабыл алып, ссудасын алып көч деген жерге көчсөңөр, күзгө чейин жаңы үйлөргө кирип каласыңар.

Андан да өкүнүчтүү жери - Жалпакташтай кооптуу жерлер Ош облусунда өтө эле көп. Ош облус губернатору Накен Касиев эл-журтка мындайча кайрылды:

- Ош облусунда, айрыкча Өзгөн районунда, Каракулжада, Карасуу районунун кээ бир жерлеринде акыркы жылдары тынымсыз жааган жаандан жарака кеткен, жер көчкүгө жакын өтө кооптуу участкалар көп. МЧСтин адамдары келип түшүнүк берип, «коркунуч туулуп атат, байкоо салып атабыз, жер жылып кетиши мүмкүн» дегенине карабай, кээ бирөөлөр караманча ошолордун сөзүн кулагынан четке кагып, ошол жерде жашап аткандар көп болуп атат. Азыр дагы бир жолу эл-журтка кайрылып айта турган сөзүм - «сактансаң сактаармын» деген илгертеден элибизде накыл сөз бар. Ушуну эске алсак. Жердин жылып атканы бир күндө жарылып кетпейт, биринчи жарака кетет, экинчиден ал жаракага суу кирет экен. Былтыркы Алайдагы көчкү, кийинки Кандабадагы, Сөгөттөгү көчкү, мурда чоң булак чыккан жерлер, булактан кийин ошол жерлерде жарака кеткен, нөшөрлөгөн жаандан кийин ошолорго суу кирип атат. Экөө кошулгандан кийин ал жерлер көчүп атат. Айрыкча ошондой жерде жашаган адамдар өздөрү сак болсо. Күн жылып калды. Адистердин сөзүн угуп, убактылуу чатыры болобу, боз үйү болобу, туугандарынын үйүнө болобу, көчсө туура болот эле. Адам эмес жаныбар да сактанат.
XS
SM
MD
LG