Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

АКЫЙКАТЧЫНЫН ИШИНЕ КИЙЛИГИШКЕНДЕРГЕ, ТОСКООЛ КЫЛГАНДАРГА АКЧАЛАЙ АЙЫП САЛЫНАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кийлигишип, бут тоскондорго акчалай айып түрүндө жаза киргизди. Депутаттардын пикиринде, мындай жаңы норма адам укугунун чындап сакталышына жана Акыйкатчынын үзүрлүү иштешине өбөлгө болмокчу. Президент бул мыйзамга кол койсо, Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кийлигишип, бут тосууга далалат кылгандардын чөнтөгүнө күч келет.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Акыйкатчысынын ишине кийлигишкендерди жана тоскоол кылгандарды жазалоону мыйзамдаштырды. Эми Акыйкатчынын ишине кийлигишкен жарандар үчтөн бешке чейинки эң кичине айлык өлчөмүндө, ал эми кызмат ордун ээлегендер ондон отузга чейинки эң кичине айлык өлчөмүндө айып төлөөгө мажбур болушат. Кыргыз Республикасынын «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамында жазылган ыйгарым укуктарын пайдаланып, өз милдеттерин аткарып жаткан Акыйкатчыга бут тоскондор жүздөн эки жүзгө чейинки минималдык айлык өлчөмүндө айыпка жыгылат. «Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү» кодекске киргизилген бул өзгөртүүнү депутаттар 45 добуш менен бекитишти. Мыйзамды иштеп чыккан депутаттардын бири Азимбек Бекназаров билдиргендей, эгер кайсы бир мамлекеттик чиновник, депутат же башка дагы бир таасирдүү адам кийлигишип, Акыйкатчы чечим кабыл алаарда таасир этүүгө, аны өзгөртүүгө далалаттанса, сотко кайрылып, ошол адамды айып төлөтүүгө мыйзамдык негиз пайда болду.

- Адатта телефон чалышат, «кой, антпе, чечимиңди өзгөрт, жардам берип кой» деген өңдүү сөздөр башталат да. Кээде кайсы бир мекемеге Акыйкатчыны киргизбей коюшу ыктымал. Маселен, ошол эле түрмөнүн башчысы ар кандай шылтоолор менен эшигин жаап алат. Ушундай учурда Акыйкатчы сотко бергенге акылуу, - дейт депутат Бекназаров.

Мыйзамга демилгечи болгон депутаттык топ, Акыйкатчынын адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган ишине тоскоол кылгандарды, акчалай айыптан тышкары, эркинен ажыратууну да сунуш кылган. Бирок буга каршы болгондордун айрымдары «Акыйкатчы институтун өтө эле көтөрө чаап, анын жеке керт башына сыйынууну пайда кылып албайбызбы» деген оюн айтса, айрымдары муну өтө катаал жаза катары баалашты. Депутат Кубатбек Байболов Кыргызстандын жазалоочу мыйзамдары ансыз да катаал болуп атса, мындай норма аларды ого бетер оорлотоорун айтты:

- «Акыйкатчыга тоскоол кылды» деп камап салсак болчу беле?! Ансыз деле мыйзамдар катаал болуп атканын эл аралык уюмдар, президент өзү деле белгилеп атат. Азыр мыйзамдарды жумшартып, гумандуураак кылууга аракет кылганыбыз оң.

Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев да Акыйкатчыга тоскоол болгондорду камаганга безилдеп каршы болду. Анын айтымында, бир тоок уурдаганды 7 жылга чейин эркинен ажыраткан Кылмыш–Жаза кодексин ого бетер катуулатуунун кажети жок.

Мындай пикирлерди уккандан кийин, «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамда көрсөтүлгөн иштерди аткарууга кедерги болгондорду темир торго салгысы келип аткан депутаттар өз ойлорунан баш тартышты.

Бул күнү депутаттар түрмөлөргө жана тергөө изоляторлоруна, убактылуу кармоочу жайларга эч кимдин уруксатын күтпөй, өзү каалаган убакта киргенге Акыйкатчыга укук беришти. Мындай укук президентте, өкмөт башчысында, Жогорку Кеңештин төрагаларында жана депутаттарда бар. Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул мүмкүнчүлүк Акыйкатчыга камактагы адамдардын укугунун сакталышына көзөмөл кылып, алардын жашоо шарты менен жакындан таанышып турууга шарт түзөт.
XS
SM
MD
LG