Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

ПАРЛАМЕНТ «МУНАПЫС ЖӨНҮНДӨГҮ» КЕЗЕКТЕГИ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАП ЖАТАТ


: Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоорун 22-апрелде талкуулап бүттү. Кыргыз өкмөтү жана депутат Азимбек Бекназаров тарабынан эки башка даярдалган мыйзам долбоорлорун парламент адегенде өз-өзүнчө, андан кийин бириктирип талкуулады. Бирок, мыйзам долбоору боюнча добуш берүү бейшемби күнгө калтырылды. Бул, долбоорду сунуштарга ылайыктап кайра кароо зарылдыгы жана депутаттык добуштун жетишсиздиги менен негизделди.

Конституциянын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата иштелип чыккан «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламент эки күн талкуулады. Палатанын сот, укук жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, бул мыйзам долбоорунун учурга шайкеш эки өзгөчөлүгү бар:

- Биринчиден, алгачкы жолу кылмышка кабылган жаштарга мүмкүндүк берели дедик. Азыр көбүнчө 17-25 жаштагылар камалып атат. Ошолорду кылмыш чөйрөсүнө жеткирбей сактап калууга аракет кылсак дейбиз. Экинчиден, экономикалык кылмышкерлерге «мамлекетке келтирген зыянды төлөсөңөр - бошойсуңар» деген шарт коюлуп атат. Бул жобо мыйзамга биринчи жолу киргизилип атат. Бүгүн кредитин, салыгын жана башка карыздарын төлөбөй жүргөндөрдүн үстүнөн кылмыш иштерин козгоп коюшкан. Алар абдан көп.

«Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбооруна кылмышкерлерге жеңилдик берүүнүн 10 түрү киргизилген. Аларга ылайык 58 жаштан ашкан аялдарга, 63 жаштан ашкан эркектерге, экиден ашык баласы, майып ата-энеси барларга, кургак учуктун оор түрү менен жабыркагандарга, жашы жете электе биринчи ирет беш жылга чейин соттолгондорго, оор деп саналбаган кылмыш үчүн биринчи соттолгондорго, мыйзам чыккан кезде жаза мөөнөтүнүн өтөй элек бир жылга жетпеген бөлүгү калгандарга, шарттуу кесилгендерге, экономикалык кылмыш кылгандарга жеңилдиктер берилиши ыктымал. Юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыровдун билдиргенине караганда, эгер долбоор сунушталган калыбында кабыл алынса, 700дөн ашыгыраак киши бошойт. Жазалангандардын 15 миңден ашыгынын жаза мөөнөтү кыскарат.

Айрым байкоочулардын пикирлерине караганда бул мыйзам, кызматы боюнча сот жообуна тартылган «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Куловго боштондук алып бериши күмөн. Анткени, өкмөттүн мамлекеттик кызматчыларга мунапыс берүү жөнүндөгү сунушу талкууда өтпөй калды.

Парламенттик талкуу жалпысынан эки багытта кайчы пикир жаратты. Мыйзамды колдогон депутаттардын бир тобу «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алуу менен эле чектелбей, Кылмыш кодексин, Кылмыш-Жаза кодексин да жумшартуу зарылдыгын белгилешти. Алардын бири, депутат, Ырайым берүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Алишер Сабировдун пикири боюнча, мамлекет коомдо тынымсыз өсүп турган кылмыштуулуктун себептерин эске алуу менен ырайымдуулуукка жана гумандуулукка барышы керек. Ал эми депутат Кубатбек Байболовдун ою боюнча, гумандуулук бир жактуу болуп, жабыр тарткан тараптын кызыкчылыгы көлөкөдө калууда. Анын үстүнө түрмөлөрдүн акыбалын жакшыртууга да аракет болгон жери жок.

- Түрмөлөрдүн бир да имараты курулган жок да, - дейт депутат Байболов. - Туура, «каражат жок» деп атышат. Эми той-пойлордон кыскартып болсо да курсак болмок. Жыл сайын амнистия жасабай, бул маселени экономикалык чаралар менен чечишибиз керек.

«Майрам шылтоосу менен шашып мыйзам кабыл алуунун кажети жоктугун» белгилеген депутат Алымбай Султанов, парламентте мындай сунуш менен чыкты:

- Мен эки сунушту добушка коюуну суранам. Биринчиси - Юстиция министрлиги боюнча парламенттик комиссия түзүп, акыркы он жыл ичиндеги анын ишмердигин башынан аягына чейин текшерип чыгуу. Канча каражат бөлүнүп атат? Кайда кетип атат? Металл сыныктары түрүндө өлкөдөн тышка, анын ичинде Кытайга кандай байлыктарды кетиришти? Экинчиси – мыйзамды кайра кайтаргыла. Беренелердин кайсынысын киргизиш, кайсынысын калтырыш керектигин кайра талдап чыгалы.

Кургак учуктун оор түрү менен жабыркагандарды бошотуу маселеси да талаш-тартыш жаратты. Маселен, Дооронбек Садырбаев, Любовь Комиссарова өңдүү депутаттар, оорукчан кылмышкерлер илдетти элге жапырт жугузаарын эскертишти. Аларга Алишер Сабиров каршы болду:

- Кургак учук менен ооругандарды 1996-97-жылдары бошотконбуз. Анда деле жугуштуу оорулар боюнча эч кандай чектен тыш жагдай пайда болгон жок. Биз аларды бошотуп, гумандуулук көрсөтөлү деп атабыз.

Парламентте белгилүү болгон маалыматтарга караганда, өлкөдө жылына 38-40 миң кылмышкер катталат. Кылмыш кодексиндеги беренелердин 90% кылмышкерди эркинен ажыратуу жолу менен жазалайт. «Мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам болсо жылына бир жолу же андан да көбүрөөк кабыл алынат. Тагыраак айтканда, эгемендүүлүк жылдары буга чейин ушундай 13 мыйзам кабыл алынган. Жаңы мыйзам долбоорун парламент колдосо, ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG