Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Бээжинде Пхеньян проблемасы боюнча 3 тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп жатат


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Жеймс Келли Бээжинде Түндүк Корея жана Кытайдын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул жолугушуу – АКШны Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланыштуу Пхеньян менен беттештирген алгачкы сүйлөшүү. Бээжиндеги жолугушуулар жабык эшик артында өтүп, ага катышкан тараптар комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал учурда Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Йон Йунг Кван Бээжиндеги сүйлөшүүлөр – диалогдун башталышы гана деп бааласа, Токиого барган Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Корей жарым аралы дагы эле "балакеттин босогосунда" турат деп мүнөздөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG