Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өнөгөсүз өпкө оорусу жайылып бараткан кооптуу аймактар катары Кытайдагы башкалаа Бээжин, Шанси провинциясын жана Канаданын Торонто шаарын атады. Кытайдын саламаттыкты сактоо министрлиги Бээжинде жаңы жугуштуу дарттан дагы 9 киши мерт болуп, "САРС" илдетинен көз жумгандардын саны 106 адамга жеткенин жарыялады. Кытайдын башкалаасындагы окуу жайлардын баары бейшембиден тарта 2 жумага карантинге жабылды. Европа Биримдигинин өкүлдөрү да Белгия менен Голландияда канаттуулар арасын кооптуу сасык тумоо каптаганына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, бирок ал азырынча адамдардын ден-соолугуна таасир эте албайт деп белгилешти.