Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Кербала шаарында чогулган жүз миңдеген шиий мусулмандардын зарыга күткөн зыяраты аяктап калды


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Саддам Хусейндин учурунда шиийлер үчүн тыюу салынган Кербаладагы сыйынууга жол ачылганын кызуу кубаттап, аны ирак элинин эркиндикке жеткенинин белгиси катары баалады. "Кербаладагы шийилердин зыяраты - Ирак элинин көз караш, пикирин билдирүүдөгү эркиндикке жеткенинин нагыз үлгүсү. Мындай эркиндик - көп жылдар бою Саддамдын ырайымсыз бийлиги тарабынан басылып келген", - деди Тони Блэр. Кербалада чогулган бир нече миң шиийлер Америкага каршы ураандарды кыйкырып жатышты. АКШ дайындаган Ирактын администрация башчысы Жей Гарнер ирактык күрттөрдүн лидерлерине алар өлкөнүн болочок демократиялуу өкмөтүнүн курамына сөзсүз кирээрин убада кылды. Вашингтондун басма сөз өкүлү Ари Флейшер Саддамдын бийлиги кулагандан бери Ирандык тыңчылар Ирактык түштүгүнө тымызын өтүп, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгында аракеттенип жатканын айтып, Тегеранды катуу эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG