Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

ИЗРАИЛДЕ ДАГЫ БИР ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бүгүн эртең менен Израилде бир палестин бомба жардырып, бир жөөттү өлтүрдү. Жан кечтинин жардыруусунан 13 киши жарадар болду. Кол салуу чарасы палестин аймагын көзөмөлдөп турган израилдиктерге каршы көтөрүлүшүн улантып жаткан палестин жоочуларынын палестиндик жаңы өкмөттүн курамына нааразы экенин дагы бир жолу тастыктады.

24-апрелде Тель-Авивден алыс эмес жердеги Кфар Саба деген шаарчанын темир жол бекетинде бир киши бомба жардырып, темир жол кызматкерин өлтүрдү. Жардыруудан бери дегенде 13 киши жабыр тартты. Жарадар болгондордун дээрлик баары Израилдин коопсуздук мекемесинин кызматкерлери.

Күбөлөрдүн айтымында, жан кечти террорчу бекеттин кире беришинен полициянын күзөтүнө кабылып, токтотулганда денесине таңып алган бомбаны жардырып ийген. Террорчу коомдук унаага кишилер жык толгон саатта жасалган кол салуу менен мүмкүн болушунча көбүрөөк кишини өзү менен кошо ала кетүүнү көздөгөн көрүнөт. Жардырууну көргөн жүргүнчүлөр бекетте бир заматта ызы-чуу, кыйсыпыр түшүп, жардыруу болгон жерде адамдардын дене мүчөлөрү туш тарапка ыргып, кан жая бергенин айтышат.

Жардыруунун жоопкерчилигин “Ал-Аксанын шейиттери” деген жоочулар тобу өзүнө алды. Израилдин бийликтери ушундай эле жардыруулар боло тургандыгын эскерткен билдирүүлөр туш тараптан жаадырылып жаткандыгын маалымдады.

Иерусалимде Израилдин премьер-министринин кеңешчиси Доре Гольд жоочу палестиндердин кол салууларын токтотуу үчүн жаңы палестин өкмөтү таасирдүү чара көрө турганына үмүттөнүп жатканын билдирди:

- Ушундай террордук чабуулдар жасала тургандыгы жөнүндө Израилдин өкмөтүнө опузалаган эскертүүлөр туш тараптан келип жатат. Келерки жумада ант бере турган жаңы палестин өкмөтү террордук чабуулдарды мындан ары болтурбоо үчүн таасирдүү чара көрөт деп үмүттөнүп жатабыз.

Израилдин өкмөтү палестиндердин жаңы өкмөтүнө чындыгында эле чоң үмүт артат. Шаршемби күнү палестин жетекчилигинде жетишилген макулдашуу боюнча, Палестин автономиясынын ички иштер министринин милдетин премьер болуп дайындалган Махмуд Аббас аткармак болуп жатат. Жөөт-палестин маселесинде заманбап көз карашты туткан саясатчы Аббас палестин жоочуларынын элдешкис сынчысы катары белгилүү. Ал ошондой эле террорчулукка каршы катуу чара көрүүнү талап кылгандардын бири.

Газанын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мохамед Дахланга Палестин автономиясынын коопсуздук мекемесин жетектөө милдети тапшырылып жатат. Былтыр Дахланды Газанын коопсуздук кызматынын башчылыгынан алып салган Ясир Арафат анын жаңы өкмөткө киргизилишине да каршы чыккан. Бирок акыры АКШ, Еврошериктештик, Орусия жана Улуттар Уюмунун кысмагы менен Арафат бул талапкерге макул болгон. Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуунун үстүнөн иштеп жаткан эл аралык топ Дахлан мырза террорчулукту жана палестин жоочуларынын көтөрүлүшүн баса алат ко деп үмүттөнөт. Ортомчулар палестин жетекчилигинен автономияда реформаны жүргүзүүгө кудуреттүү өкмөттү түзүүнү талап кылган.

Эл аралык топ сунуш кылып жаткан тынчтык планы боюнча палестиндер куралдуу көтөрүлүшүн токтотууга, ал эми Израил болсо - Иордандын батыш жээги менен Газа тилкесинде жөөт көчмөндөрүнүн кыштактарынын курулушун токтотууга тийиш.

Мындай чаралар 2005-жылы Газа тилкеси менен Иордан дарыясынын Батыш Жээгинде эгемен палестин мамлекетин негиздөөгө жол ачмакчы. Вашингтондогу Ак үйдүн өкүлү Ари Флайшер Палестин Автономиясынын жаңы өкмөтү парламентте бекитилген соң, тынчтык долбоору толугу менен жарыя кылынаарын билдирди.

Палестин жоочуларынын мындан мурдагы террордук кол салуусу 30-мартта деңиз кылаасындагы Нетанья шаарында болгон. Анда бир жан кечти палестин улан өзүн-өзү жардырып, көчөдө жүргөн 30 кишини жарадар кылган эле. Палестиндердин 2000-жылдын сентябрынан берки көтөрүлүшүнүн жүрүшүндө баары болуп 733 жөөт набыт болду.

XS
SM
MD
LG