Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

ТҮРКМӨНБАШЫ КОШ АТУУЛДУККА КАРШЫ


Жаркын Суран кызы, Прага шаары Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов кош атуулдукту жоюуга багытталган жарлыгын чыгарды. Орусиянын жана Түркмөнстандын кош атуулдугуна ээ болуп келген түркмөнстандык тургундар эки айлык мөөнөт ичинде кайсыл өлкөнүн атуулдугун сактап калаарын тандап алышы керек. Эгерде кимде-ким өз оюн билдирбесе, анда ал дароо эле Түркмөнстандын атуулу болуп калмакчы. Түркмөнстандын бозгунчулукта жүргөн атуулдары да өздөрүнүн атуулдук укугунан ажырашы мүмкүн.

Түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун кош атуулдукту жоюуга багытталган жардыгын коомчулуктун оодук бөлүгү анчалык деле эрөөн-төрөөн алган жок. Бирок, бул жардык жүз миңдей кишинин тагдырына олуттуу из калтыраары шексиз. Алардын 90 пайыздайы – тарыхый мекени Орусияга кетпей, өлкөдө кала берген жана бир эле учурда Орусия менен Түркмөнстандын кош атуулдугун сактап калууга ынтызар орус тилдүү калк.

Президент Ниязов Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы кош атуулдукту жоюу кадамын жакында Москвада Путин мырза менен сүйлөшкөндөн кийин жасап отурат. Журналист Аркадий Дубновдун айтымында, Кремль бул эки өлкөнүн ортосундагы кош атуулдук жөнүндөгү буга чейин күчүндө болгон келишимден расмий Ашгабаддын өтүнүчүнө ылайык баш тартты. “Путиндин мындай мамилеси Түркмөнстанда жашаган орус тилдүү жарандардын арасында өтө чоң нааразылыктарды жаратты”, - деп жазат Аркадий Дубнов.

Эми өлкөдө түркмөн атуулдугун алууга көңүлсүнбөгөнүн туйдурган ар кандай киши коопсуздук күчтөрүнүн өзгөчө бакылоосуна кабылышы жана алардын укуктарынын тепселиши мүмкүн, - деп эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданууда.

Түркмөнстан өкмөтү – Борбор Азиядагы адам укуктары өзгөчө тепселинген авторитардык режим катары таанымал.

Түркмөнстанда атуулдардын укуктары ченемсиз басмырланып, өлкөнүн ичинде ары-бери каттоо дээрлик катаалдашып кеткендигине байланыштуу олуттуу тынчсыздануулар жакында жарыяланган БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын баяндамасында камтылган. Анда өлкөдөгү улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө — орус, өзбектерге карата басмырлоо саясаты жүрүп жатканы өзгөчө белгиленет. “Хюман Райтс Уотч” эл аралык уюмунун бир адиси мүнөздөгөндөй, бул өлкө бийлиги чектен чыгып кеткенин анын эл аралык уюмдардын өтүнүчтөрүн көзгө илгиси келбегенинен эле туйса болот.

Түркмөн бийликтери эмнегедир Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюму менен тыгыз кызматташкысы келбей жатканы БУУнун документинде кескин сындалган. ЕККУнун Маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Фраймут Дюве да бул өлкөдөгү режимди кескин сынга алды:

- Биз 30-жылдары Сталиндин маалында тартип сактоо органдары белгилүү инсандардын көзүн тазалоодо зомбулук ыкмаларын айоосуз колдонгондугун билебиз. Түркмөнстанда дал ушундай диктатордук бийлик гана эмес, бүтүндөй тоталитардык система орнотулган. Жагдай Сталиндин, Гитлердин заманындагыдай өнүгүүдө.

Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалына эл аралык уюмдардын кылдаттык менен көз салып турары анык. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясы өткөн жылдын 25-ноябрындагы Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин бул өлкөдө адам укуктары дегеле урматталбай калганын катуу сындап чыкты.

Комиссия БУУнун башкы катчысына кайрылып, түркмөн маселесин уюмдун Жалпы жыйынынын күзгү сессиясында талкуулоо тууралуу сунуштады. Эгерде бул талкуу иш жүзүнө ашып калса, анда Түркмөнбашы өзүнүн эң башкы жетишкеним деп санаган нерсе — Түркмөнстандын бардык маселеде бейтараптуу макамга ээ болушу салыштырмалуу экенин, өлкө эл аралык коомчулуктан бөлүндүдө кала албастыгын расмий Ашгабат аңдоого аргасыз болот, дешет укук коргоочулар.
XS
SM
MD
LG