Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

ЖЕЙ ГАРНЕР: ИРАКТА МИНИСТРЛЕР ИШКЕ КИРИШМЕКЧИ


Ирактагы утурумдук америкалык администрациянын башчысы, отставкадагы генерал Жей Гарнер эки күн түндүктөгү күрт райондорунда болуп, Багдадга кайтып келди. Шаршемби күнү ал борбор шаардагы таасирдүү топтордун жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөнүн келечегине байланыштуу маселелерди талкуулады. Мунун алдында шийит лидерлеринин бири Кербаладагы митингде генерал Гарнердин администрациясына ирактыктар муктаж эмес деп билдирген эле. Соңку маалыматтарга ылайык, Багдадда эски режимдин бир катар төбөлдөрү кармалды.

Багдаддагы жолугушууда Жей Гарнер эмдиги аптадан тартып бардык министрликтер иштеп каларына ишенич билдирди. Кайра куруу иштери башталып, өкмөттүн структуралары түзүлүп, өлкөнүн лидерлери дайындалган соң америкалык администрация бийликти аларга өткөрүп берет. Жыйынга өзүн өзү Багдаддын каланы кылып жарыялап алган Мохаммед Мохсен аз-Зубайда чакырылган жок. “Коалициянын эч кандай кандидаты жок. Эгер Багдаддын калкына аз-Зубайда жакпаса, муну бизге келип ачык айткыла, биз аны кетиребиз. Коалиция аны колдобойт”, - деп ырастады Гарнер. Генерал ошону менен бирге Ирактын лидери болгонго жараган бир канча кандидат бар экенин белгиледи,алардын ичинде Ахмед Чалабинин да атын атады. Бирок коалиция ага сүрөөнчү болгусу келбейт, деп айтты Гарнер. Ал эми күрттөр, Гарнердин сөздөрү боюнча, кандай болгон күндө да жаңы өкмөттүн составына тартылат. Иракты бир өкмөт башкарат, бир армия коргойт, деп билдирди ал. Өз кезегинде күрттөр түндүктө өздөрүнүн эгемен мамлекетин түзүүнү көздөбөй тургандыгына Гарнерди ишендиришкен эле. Күрт лидерлери ырасташкандай,алар демократиялуу, бирдиктүү Иракта жашагысы келет. Мунун бирден-бир туура тарыйкасы деп алар федерализм түзүлүшүн түшүнүшөт.

Жей Гарнердин позициясын Вашингтондогу пресс-конференцияда Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер да бышыктады. Кошмо Штаттары ирак элине өлкөнүн келечектеги өкмөтүн түзгөнгө толук мүмкүндүк берет, деп айтты ал. Жаңы режим бардык диний топтор, улуттук тайпалар эриш-аркак жашаган демократиялык коом болууга тийиш. Бирок Вашингтон Иракта фундаменталисттик маанайдагы ислам мамлекетинин барпаа болушуна караманча каршы жана буга жол койбойт. Буга байланыштуу Ак үйдүн өкүлү ирак шийиттери кокус коңшулаш Ирандагыдай ислам мамлекетин түзүүгө аракет кылса, мунун натыйжасы эски диктатуранын ордуна жаңы диктатура орнотуу менен бүтөрүн эскертти. Ирактагы шийиттердин жамааты жөндөм-жөрөлгөлүү, ири жана өзгөчөлүү жамаат, деп айтты Флейшер. Ошондуктан Иракта сырттан таңууланган түзүлүш орнотуу аракети оңунан чыгары арсар, андайды ирак калкы кабыл алышы кыйын.

Шаршемби күнү Кербалада зыяратчылар катышкан жыйында сөз сүйлөп,ирак шийиттеринин өкүлү – Ирак ислам революциясынын жогорку кеңеши деп аталган уюмдун жетекчилеринин бири Абдел Азиз ал-Хаким анын тарапкерлерин коңшулаш Ирандын тажырыйбасын жайылтып,ислам ыңкылабын уюштурганы жатат деп айыптаган пикирлерди кескин четке какты. Аталган уюм Иракта улуттук – демократиялык өкмөт түзүү максатында бардык күчтөр менен ийиндешип иштешкенге даяр, бул үчүн генерал Гарнердин Иракта турушу кажет эмес, деп айтты ал-Хаким. Анын сөздөрүнө ылайык, ирактыктар өз өкмөтүн өздөрү шайлай алат, бул иште чет элдиктердин кийлигишүүсүнө муктаж эмес. Ирак ислам революциясы уюму, ал-Хакимдин айтымында, Саддамдын диктатурасынан калган салакаларга жана чет элдиктердин үстөмдүгүнө каршы күрөшөт, бирок бул акция жайчылык мүнөздө болот.

Бул учурда Багдадда эски режимдин беш өкүлү – бир министр,төрт аскери төбөл кармалды. Алардын арасында абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Музахим Саиб Хасан ат-Тикрити, аскерий чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы Зухаир ан-Накиб, соода министри Мухаммед ас-Сахиб бар. Америкалыктар активдүү издеп жаткан 55 адамдын тизмесинде ат-Тикрити онунчу орунда турган, ал Саддам Хусейндин жакын жээк-жаатынан болот. Ал эми генерал ан-Накиб кармалардан мурдараак “Лос-Анжелес таймс” гезитине интервью берип, мурдагы ирак өкмөтүндө кызматта турган жылдары жасаган иштерине эч кандай өктөө кылбай тургандыгын ырастаган. Генерал мындан тышкары бардык учурда эле Саддамдын ой-пикирлерине кошула бербегенин, бирок анын көпчүлүк идеяларын колдогондугун моюнга алды.

Акырында дагы бир маселени учкай айта кетели. Атап айтканда, америкалык бажы кызматтары бу күндөрү Ирактан кайтып жаткан журналисттерден жана аскери кишилерден Багдаддан кымтый келген кымбат баалуу табериктерди таап, конфискациялап жатат. Жулук уурулугу үчүн азырынча бир гана “Фокс” телекомпаниясынын техниги Бенжиамин Жонсон кармалды, ал Ирактан кайтканда Саддамдын президенттик сарайларынан тонолгон 12 картинаны бокчосуна ката келген экен. ”Фокстун” техниги кызматтан алынды, ага иш козголду. Мындан тышкары Иракта табылган ири суммадагы долларларды кытып алган, атүгүл алтын жалатылган асемдүү буюм-тайымдарды, анын ичинде бир автоматты почта аркылуу Америкага жөнөткөн бир нече аскер кишиси да азыр суракка алынып жатат.
XS
SM
MD
LG