Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

КЫЛ КЫЯК ТАРТЫП, КЫЯЛ ТЕРМЕТКЕН КЫЗ


Кыял терметкен жаш кыл кыякчы, эл аралык сынактардын лауреаты, темир ооз комузчу Айнура Бердигулова менен баардашуу.

Карт тарыхтын барактарына көз чаптырсак, эмнегедир айымдардын арасынан байыркы аспап кыл кыякты тартышкан шайырлар чыкпаптыр. Ырас, өткөн кылымдын 60-жылдарында Таластын Чоңтокой айылынан Айымбүбү Үмөталиева аттуу келиндин кыл кыякта 3-4 күүнү тартканын уккан элем. Ал эми Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде, «Камбаркан» этнографиялык ансамблинде өркүндөтүлгөн кыл кыякта ойногон кыздарды, айымдарды көрүп жүрөм. Бирок, алардын ичинен бүтүндөй өмүрүн, өнөрүн кыл кыякка арнап, жекече концерттерди берген аткаруучуларды угармандар көрүшө да, угуша да элек. Кечээ жакында музыкалык коомчулуктун, кыргыздардын элдик музыкасынын тарыхында алгачкы жолу ордо калаадагы композитор Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын концерттик залында эл аралык сынактардын лауреаты, кыл кыякчы, ооз комузчу Айнура Бердикулованын жеке чыгармачылык концерти болуп өттү. Ал өркүндөтүлгөн төрт кылдуу жана нукура кыл кыяктарда түрдүү чыгармаларды аткарды. Айрыкча жаш шайыр ар бир тарткан, каккан күүсүнүн тарыхын таржымалдап чечмелей отуруп аткарышы угармандардын зор кызыгуусун туудурду. Айнура бийкеч Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернаттын 10-классында окуйт. Педагог Бактыгүл Адышовадан кыл кыяктан сабак алат. Жаш шайыр Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылдан бери мектеп ичиндеги, Эл аралык «Мээрим» кору өткөргөн «Жаш таланттар», «Талас таңшыйт», «Тоо обондору», «Кыргызстандын жаңы жылдыздары» аттуу республикалык, эл аралык фестивалдарга, сынактарга такай катышып келет.

- Айнура, кандайча кыл кыяк тартып калдың?

- Мен кичинемден эле кыл кыяктын күүлөрүн кумарлана угуп, кыякчы болсом дегенде ак эткенден так этип жүрүп, 1996-жылы композитор Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын кыл кыяк классына кирдим. Ошондон бери Бактыгүл Адышова эжеден окуп келе жатам. Өркүндөтүлгөн кыл кыякта да ойнойм. Кошумча темир ооз комузда ойноодон да сабак алам.

- Кандай күүлөрдү тартасың?

- Элдик күүлөрдөн «Кул пенде», «Бекарстан», «Керметоо», «Жусуп менен Зулайка», «Саринжи-Бөкөйдү», Муратаалы, Сайид атамдардын «Кош кайрык», «Топ жылкы», «Тизгин күү», «Байге» аттуу күүлөрүн тартам.

- Тарткан күүлөрүңдүн тарыхтарын билесиңби?

- Билем. Атап айтканда, «Кулпенде» аттуу элдик күү - дубананын күүсү. Дубана эл аралап мындайча зикир айтчу экен:

Кул пендем, «Алла» дедим, ак урдум,
Кул пендем, аманат жанга чарк урдум, аллаху!
Кулпендем, булбул учса тал калаар, аллаху!
Кул пендем, өрдөк учса көл калаар,
Кул пендем, өлбөй адам ким калаар, аллаху!
Кул пендем, кирейин десең эшик жок,
Кул пендем чыга калаар тешик жок, аллаху!
Кулпендем, солкулдайсың тирүүңдө.
Кулпендем, солдойерсуң өлгөндө, аллаху!
Кул пендем, эшиги жок, төрү жок,
Кул пендем, караңгы көргө кирерсиң, аллаху!
Кулпендем, ай кыядан батарбы
Кулпендем, асыл жаның жатарбы? – деп айтылып келип тартылыптыр.

Дагы бир күү - элдик комуз күүсү «Ботой». Бул күүнүн чыгышына мындайча окуя себепчи болуптур. Илгери, илгери Карамоймол аттуу инген болгон экен. Инген жаңыдан тууп, ботосун торолтуп, бойтоңдотуп ээрчитип жүргөндө, ботосу капилеттен өлүп калат. Ошондо инген:

Эки эмчегим тирсейтип,
Эмизбедим ботойду,
Калы килем жаптырып,
Шурудан буйла тактырып,
Кара чач келин, сулуу кыз,
Коштотподум ботомду – деп, боздоп, көз жашын көлдөй төгүп, жоктогон экен. Көзүнөн буурчактаган жашты, эмчегинен диркиреп аккан ууз сүттү, чарк айлана айласын таба албай турган ингенди Бокеш деген атактуу комузчу көрөт да, бир чети ингенге боору ачып: «Байкуш төөгө да бала кымбат турбайбы?» - деп, «Ботой» аттуу күүнү чыгарыптыр.


- Кыл кыяктан башка да аспаптарда ойнойсуңбу?

- Темир ооз комуз кагам.

- Айнура, баардашканыңа ырахмат. Бактылуу бол. Өнөрүң өркүндөй берсин!
XS
SM
MD
LG