Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ЖАНА ОППОЗИЦИЯ ҮЧҮН ДЕМОКРАТИЯ АКЧА ТАБУУНУН ЖОЛУБУ?


23-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Чыгыш жана Батыш изилдөөлөр борбору” менен “Келечек долбоору” саясий изилдөөлөр фонду “Кыргызстандагы саясий кризис: андан чыгуунун стратегиясы” деген аталышта саясат таануучулардын “тегерек үстөл” жыйынын өткөрүштү. Аксы алааматынан ачыкка чыгып кеткен кыргыз бийлигинин кризисинин чоо-жайы тууралуу жыйында ар кыл пикирлер айтылды.

Чыр-чатактарды алдын-алуу боюнча эл аралык топ өткөн жылы Кыргызстан кабылган саясий кризистин чоо-жайына иликтөө жүргүзгөн. Ал ишке Борбордук Азиядагы Америка университетинин Чыгыш менен Батыш мамилелерин изилдөө борбору баш-көз болгон. Аксы алааматы, ага улай чыккан бийлик менен оппозициянын, бийлик менен элдин ортосундагы ары-сүр, бери-сүрдүн арты конституциялык реформа менен жыйынтыкталып, республиканын Башмыйзамы кайрадан оңдолуп чыкты. Конституциялык референдумдан соң мөрөйү үстөм болгон бийликтин оппозицияга мамилеси өзгөрүлгөн жок. Непадам президент А.Акаевдин 2005-жылкы шайлоого катышпастыгы чын чыкса, өлкөдөгү саясий күчтөрдүн тирешүүсү дагы бир шойкомдун ичинен чыгышы ыктымал.

Башында “Борбордук Азиянын демократиялык аралчасы” деп аталып келген Кыргызстандын эл аралык аброюн басынткан былтыркы кризистин чыгышына парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы тек шылтоо гана болгону, нааразылыктын түпкү тамыры аймактын социалдык-экономикалык абалынын оордугуна байланыштуу экени жыйын катышуучулары тарабынан арбын айтылды. “Келечек долбоору” саясий изилдөөлөр фондунун төрагасынын орун басары Муратбек Иманалиев маселенин маңызы барып-келип: “Экономика биринчиби же демократия анын алдындабы?” деген суроого барып такалаарын айтып, байгер өлкөлөрдүн баары иралды жашоо-турмушун оңоп, андан соң демократиянын оозанышканын отургандардын эсине салды. Анын айтымында, Кыргызстанды бучкактап алган кризис коомдун өзүндө. Өлкөдө ушу тапта либералдуу экономиканы жактаган реформаторлор менен катар эле өткөндү, болгондо да большевиктик коммунизмди эңсегендер арбын. Ошондон улам Кыргызстандын саясий айдыңындагы саясий-интеллектуалдык элита кайнаса каны кошулбас идеяларды ишке ашыруунун аракетин жасап келатат.

- Белгилүү убакыт өткөндөн кийин демократия Кыргызстанда иш жүзүндө бийлик менен оппозицияга пайда алып келе турган бизнеске айланып кетти, - дейт Муратбек Иманалиев. - Демократия ар бир коом умтула турган, чоң үмүт арткан кандайдыр-бир коомдук абал эмес, кандай да болсо акча табуунун ыңгайлуу ыкмасы болуп калды. Бул бийликке да, оппозицияга да мүнөздүү көрүнүш.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин жетекчиси Девид Хьювайлер былтыркы саясий кризис Кыргызстандын эл аралык аброюна таасир көрсөткөн окуя болгонуна токтолду:

- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кадыр-баркы алардын демократиялык плюрализмди киргизүү, саясий кризистердин алдын алуу, андан чыгуунун тынч жолун табуу аракетине байланыштуу. Бу чөлкөмдөгү өлкөлөр демократияны чындап байралтуу үчүн ага ириде жарандык коомдун катышуусу абзел. Кыргызстан башта демократиялык жаңылануулар жагынан чөлкөмдөгү республикалардын алдында болчу. Бирок кийинки окуялар көрсөткөндөй, бул багытта бир топ проблемалар бар экени ачыкка чыгып калды.

Ушул университеттин “Чыгыш менен Батышты иликтөө борборунун” башчысы Уильям Хансен:

- Университет ичинде жүргүзүлүп аткан иштер - ириде ачык коомду куруунун бир көрүнүшү. Бул өзү узакка созулчу процесс. Иликтөөгө алынган саясий окуялар университет ичинде гана айтылчу сөз эмес. Ал ар тараптан изилдөөнү талап кылчу проблема.

«Келечек долбоору» саясий изилдөөлөр фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков учурдагы саясий зарылдыктардын туу башында элдин бийликке ишенимин кайтаруу экенин айтты:

- Элдин бийликке ишенимин кантип кайтарып беребиз? Бийликтин легитимдүүлүгүнө кантип жетишебиз? Шайлоо, референдумдардын жыйынтыгы бурмалангандыктан калктын ага деген ишеними алдагачан кеткен. Эмнени алмаштырышыбыз керек?

Башында өлкөдө дурус башталган демократиялык жаңылануулар кийинки кездери жеке бийликтин капшабы менен катаң сыноого туш келгени «тегерек үстөл» жыйынында байма-бай айтылды. «Саясий кризистен кантип чыгуу керек, ал үчүн эмнелерди жасоо керек?» деген суроолорго келгенде жыйын катышуучулары бир пикирге келе алышкан жок.
XS
SM
MD
LG