Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Бээжиндин эң чоң ооруканасы карантинге жабылды


Бээжин университетинин Элдик ооруканасы 24-апрелде карантинге жабылды. Анын имаратын полиция курчап, эч кимди киргизип-чыгарбай турат. Шаар мектептери дагы 7-майга чейин карантинге жабылган. Дабасы табыла элек өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен акыркы апталарда дүйнөдө 250 адам ажал тапты, алардын жүздөн ашыгы Кытайдын өзүндө жана дагы жүзгө жакыны Гонкоңгдо өлгөн. Дүйнө боюнча ооруга төрт миңге жакын адам чалдыккан. Эл аралык саламаттык сактоо уюму 23-апрелде атайын билдирүү жасап, элди Кытай жана Канаданын Торонто шаарына баруудан карманып турууга чакырды. Оорунун Кытайдан кийин эң көп тараган жери - Торонто.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG