Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Вена шаарында ОПЕК уюмунун атайын жыйыны башталды


24-апрелде Вена шаарында мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн ОПЕК атуу уюмунун атайын жыйыны болуп, мунай өндүрүүнү көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды жана кошумча мунай негизинен Сауд Арабияда чыгарылат. Уюмга 11 мамлекет мүчө болуп кирет жана ОПЕК дүйнөдө өндүрүлгөн мунайдын 40 пайызын көзөмөлдөйт. Иракты басып алгандан кийин, АКШ анын мунайын өндүрүп, эл аралык базарга чыгарууга камданууда, ошондуктан анын баасы төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Ирак уюмга мүчө болуп кирет, бирок эл аралык чектөө коюлгандыктан, акыркы 11 жылда өз мунайын толук ченемде өндүргөн эмес. Мунай кору боюнча Ирак дүйнөдө экинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG