Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Ооганстандагы куралдуу кагылышууда беш адам набыт болду


Ооганстандын Забул провинциясынын акими Хамидулла Тохинин айтымында, 23-апрелде кечинде өкмөттүк аскерлердин Де-Чопан аттуу жайына эки жүздөй куралчан адам кол салып, кагылышуу болду. Алар Талибандын куралуу күчтөрүнүн калдыктары болушу мүмкүн. Натыйжада эки өкмөттүк аскер жана үч талиб курман болду. Салгылашуу үч саатка жакын уланды жана өкмөттүк күчтөргө кошумча жардам келгенде, талибдер кошуна Урузган провинциясына качып жоголду. Урузганда да өткөн аптада кагылышуу орун алып, эки өкмөттүк аскер набыт болгон.

XS
SM
MD
LG