Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

«Эл аралык мунапыз» уюму АКШ жетекчилигин сынга алууда


Адам укуктарын коргогон "Эл аралык мунапыс" уюму АКШ жетекчилигине кайрылып, Куба аралындагы "Гуантанамо Бэй" аскерий базасында кармалып жаткан туткундардын арасындагы жаш балдарды бошотууну талап кылды. АКШ аскерий жетекчилигинин айтымында, базада чындап эле 16 жашка жете элек үч жигит бар. Гуантанамодо - террор иштерине аралашкан деп кармалган 42 өлкөнүн 660 жараны кармалат, бирок алардын бирине да азырынча расми күнөө коюла элек жана алардын адвокаттары да жок. "Эл аралык мунапыс" уюмунун пикиринде, жаш туткундарга же күнөө коюлушу керек, же алар бошотулууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG