Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Палестина автономиясынын жаңы өкмөтү түзүлдү


Палестина автономиясынын төрагасы Ясир Арафат жана премьер-министр Махмуд Аббас 23-апрелдин кечинде жаңы өкмөттүн курамы тууралуу келишти. Аббас өзү Палестинанын ички иштер министри болуп, коопсуздук кызматынын башчылыгына Мохаммед Дагланды дайындады. Арафат мурда Дагланды кызматтан алган жана анын ички иштер министри болушуна каршы чыгып келген. Арафаттан башка адамдын жетекчилилинде Палестинанын жаңы өкмөтү түзүлмөйүнчө, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы планды Америка Кошмо Штаттары ачыкка чыгарбай келген. Ал план боюнча 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG