Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Кыргызстан Токтогул ГЭСи баш болгон ГЭСтеринин акцияларын башка мамлекеттерге сатпайт


Бишкек, 24-апрель. Бүгүнкү маалымат жыйынында «ГЭС» мамлекеттик акционердик коомунун башчысы Зарлыкбек Дордоев: “Биз Нарын дарыясында Камабарата-1, Камбарата-2 ГЭСтери баш болгон дагы башка жаңы ГЭСтерди куруу үчүн Эл аралык суу-энергетикалык консорциум курууга даярбыз”, - деп билдирди. Анын айтымында, мындай консорциумду курууга Казакстан менен Орусия кызыгууда. Ал эми Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин куруу үчүн 2 млрд долларга жакын каражат керек. Мындай каражат Кыргызстанда жок болсо да, шейшемби күнү президент Аскар Акаевдин катышуусу менен Камабарата-2 ГЭСинин башкы курулушунун пайдубалын түптөө аземи өттү. Дордоевдин айтымында, бул ГЭСтин алгачкы агрегаттары 2007-2008-жылдары ишке кириш керек.

XS
SM
MD
LG