Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Темир жол үчүн Кытай Кыргызстанга 15 млн. юань берет


Бишкек, 24-апрель. Кытай- Кыргызстан -Өзбекстан трансулуттук темир жолун куруу үчүн техникалык жана экономикалык негиздемелерди түзүү максатында Кытай Эл республикасы Кыргызстанга 15 млн. юань грант бөлүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу Кытай өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-августтундагы катына Кыргыз өкмөтүнүн жооп катын бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы ратификациялады. Темир жол төшөлө турган аймактарга иликтөө жүргүзүү үчүн жылына өкмөт бөлгөн 5 миллион сом каражат жетишсиз болгондуктан, Кыргызстан Кытай өкмөтүнө жардам сурап кайрылган.
Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин билдиришинче, техникалык жана экономикалык негиздемелер боюнча иш жыйынтыкталары менен, үч өлкөнүн келишиминин негизинде темир жол курулушу башталат. Бул болжол менен 2005 - 2006-жылга туура келет. Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу үчүн Кытайдан тышкары Германия, Түркия жана Иран мамлекеттери каржылык колдоо көрсөтүү ыктыярын билдиришүүдө. Кыргызстан аймагында курулуучу жолдун узундугу 250 километрди түзүп, ага 1 миллиард доллар сарпталаары күтүлөт. Аталган темир жол жылына орто эсеп менен 15-18 миң тонна жүк алып өтүүгө ылайыкталмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG