Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Көчкү коркунучу дагы эле сакталууда


Бишкек, 24-апрель. Кечээ Бишкек-Торугарт жолунун 291-чакырымында көлөмү 1 млн 250 миң куб метр өлчөмүндө көчкү жүрүп, эл аралык жол жабылды. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаментинин башчысы Анарбек Айталиев билдирди. Анын айтымында, жол тазалоо иштери башталды жана ал бир жумадан кийин аяктайт. Өзгөндөгү кырдаалга токтолгон Айталиев жер көчкүдөн жабыркагандар көчүрүлөөрүн, бул үчүн Куршаб айылынан 14 гектар жер бөлүнгөнүн билдирди. Учурда Сузак, Аксы, Базаркоргон райондорунда, Көкжаңгак жана Майлысуу шаарларынын айланасында, Өзгөн районунда 60ка жакын айылды көчкү басуу коркунучу бар. Кырдаалды көзөмөлдөп турабыз, - деди Айталиев. 20-апрелде Өзгөндүн Каратарык айлында көчкү жүрүп, андан 38 киши каза болгон. Каза болгондор ичинен 6 адамдын сөөгү табылды. Калгандарынын сөөгүн ошол жерде калтыруу жана ал жерге эстелик орнотуу чечими кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG