Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Арам акчаны адалдоого каршы жыйын


Бишкек, 24-апрель. Бүгүн Бишкектеги “Пынар” мейманканасында «Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоонун жана терроризмди каржылоонун жолун тосуу» деген темада эки күндүк тегерек стол аяктады. Анын ишине Бириккен Улуттар Уюмунун, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун, чет мамлекеттердин эксперттери жана жергиликтүү тийиштүү министрлик, мекемелердин өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун катышуучулары кылмыштуу жол менен табылган акчаны мыйзамдаштырууга жол бербөө, андай аракеттерди аныктоонун ыкмалары жөнүндө пикир алмашты. Жыйын соңунда мындай иштерге бөгөт коюучу эки бөлүктөн турган сунуш иштелип чыкты. Анын биринчиси боюнча, мыйзам кабыл алынып, ага ылайык 1 млн сомдон ашык акча банкка түшкөндө, банк тийиштүү органдарга маалымдоого тийиш, экинчиси боюнча - каржылык чалгындоо органын түзүү керек. Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстанда мыйзамсыз табылган акчаны адалдоонун масштабы тууралуу так маалымат жок экендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG