Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Украин лидери журналисттер менен соттошуудан баш тартты


Леонид Кучма өлкөнүн башкы прокуроруна кайрылып, өзүнүн президенттик жана адамдык аброюна шек келтирген маалымат каражаттарына каршы козголгон иштердин баарын жабууну суранды. Украинанын президенти бул тууралуу бейшембиде журналисттерге айтып жатып, өзүн өзү коргоо - алды канча намыстуу иш экенин кошумчалай кетти. Ушул айда Украинанын башкы прокуратурасы беш облустук гезитке өлкө президентин мазактап, ал жөнүндө ушак-айың тараткан үчүн расмий кине тагып, кылмыш иш козгогон. Анын алдында эле эл аралык укук коргоочу Human Rights Watch уюму украин бийлиги сөз эркиндигине кысым көрсөтүп, бийликтегилерди сындаган маалымат каражаттарын салык инспекциясы жана башка өкмөттүк органдар аркылуу куугунтуктап жатканын айтып айыптаган.

XS
SM
MD
LG