Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Палестин парламенти жаңы министрлер кабинетин келээрки аптада бекитет


Палестинанын жаңыдан дайындалган премьер-министри Махмуд Аббас министрлик орундарга көрсөтүлгөн талапкерлер менен жолугуп маектешти. Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз бейшембиде бир жөөттүн өмүрүн алып, 13 кишини жарадар кылган палестин жанкечтисинин жардыруусуна, буга чейин боло жүргөндөй, аскерий жооп жасалбайт деп билдирди. Министрдин айтымында, Тель-Авив аскерий чабуул жаңыдан дайындалган палестин премьери Махмуд Аббаска жолтоо болот деп эсептейт. Аббас мурдараак палестин согушкерлерине каршы аёосуз күрөшөөрүн айткан болчу. Ага нааразы палестиндердин радикал уюмдары алардын боштондук кыймылына тоскоолдук кылуу өтө кооптуу экенин эскертишти. Европа Биримдиги, АКШ, Орусия жана Бириккен улуттар уюму палестинанын өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси такталып бүткөнүн кубаттап, аны эгемен Палестина мамлекетин түзүүнү көздөй жасалган кадам катары баалашты.

XS
SM
MD
LG