Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Саддам Хусейн өлгөн же оор жарадар болгон


Америкалык NBC телеканалынын “Түнкү жаңылыктар” программасында чыгып сүйлөп, Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ушундай деп билдирди. Мындай деп айтканга жүйөө берген таныктар бар, деп кошумчалады Буш. Буш ошону менен бирге Сирияны жана Иранды Ирактын ички иштерине кийлигишүүдөн сактандырды. Бирок Буш Кошмо Штаттары аталган өлкөлөргө каршы эч кандай аскерий операцияларды пландап жатпагандыгын белгиледи. Америкалык контингент Иракта канча зарыл болсо,ошончо мезгил болот, деп айтты Буш. Андан мурда Буш Огайо штатында болгон кезде Ирактагы массалык кыргын салуучу куралдар табыларына ишенич билдирип, Хусейн аларды жок кылып салганбы же башка бир жакка катып салганбы, америкалык өкмөт мунун чындыгын аныктайт деп айткан эле.

XS
SM
MD
LG